Гүлдана Челобаева: Миграцияны токтотуу эмес, аны мыйзамдуу жолго салуу маанилүү
Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөгө иштөө үчүн чыгышы жылдан-жылга актуалдуу болуп келет. Мындай шартта эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, мыйзамсыз миграциянын жана алдамчылыктын алдын алуу, ошондой эле жаңы эмгек рынокторуна жол ачуу маанилүү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Тышкы миграция башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлдана Челобаева менен баарлаштык.
— Гүлдана Рашитовна, эмгек миграциясынын күчөшү Кыргызстандагы жумуш орундарынын жетишсиздигинен уламбы же бул дүйнөлүк процесстин бир бөлүгүбү?
— Эмгек миграциясын бир гана өлкөдөгү жумуш орундарынын жетишсиздиги менен түшүндүрүүгө болбойт. Бул дүйнө жүзүндө кеңири тараган процесс. Жарандар чет өлкөгө жогорку эмгек акы, жаңы кесиптик тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөр үчүн чыгып жатышат. Ошондуктан негизги маселе миграцияны токтотууда эмес, аны коопсуз, мыйзамдуу жана уюшкан жолго салуу маанилүү.
— Чет өлкөгө иштегени чыккан жарандар көбүнчө кандай коркунучтарга туш болушат?
— Негизги коркунучтардын бири — мыйзамсыз жумушка орношуу жана алдамчылык. Айрым жарандар иш берүүчү же ортомчу тууралуу маалыматты тактабай туруп, сунуштарга ишенип калышы мүмкүн. Ошондуктан алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл бурулуп жатат. 2026-жылы өлкө аймактарында «Коопсуз миграция кербени» маалыматтык кампаниясы өткөрүлүп, Нарын, Каракол, Баткен, Манас, Ош жана Жалал-Абад аймактарында жарандарга мыйзамдуу ишке орношуу, миграциялык талаптар жана алдамчылыктан сактануу боюнча маалымат берилди.
Мындан тышкары, аймактык башкармалыктардын адистери үчүн мигранттардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган окутуу семинарлары уюштурулду.
— Башка өлкөгө чыгып жаткан жарандар сапарга чейин эмнелерди билиши керек?
— Биринчи кезекте эмгек келишимин кылдат текшерип, иш берүүчү тууралуу маалыматты тактоо зарыл. Ошондой эле кайсы өлкөдө кандай миграциялык талаптар бар экенин алдын ала билип алуу маанилүү.
Мындан тышкары, чет өлкөгө жумушка орноштуруучу жеке агенттикти тандоодо анын мыйзамдуу иш алып барып жатканын текшерүү керек. Агенттиктердин тизмеси жана алардын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты министрликтин
migrant.kg сайты аркылуу текшерүүгө болот. Ошондой эле жарандар министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун кызматкерлеринен да кеңеш жана маалымат ала алышат.
— Сыртта иштеп жүргөн жарандардын укуктары бузулган учурда аларга кандай жардам көрсөтүлөт?
— Чет өлкөдө жүргөн жарандардын укуктарын коргоо боюнча тиешелүү механизмдер иштеп жатат. Мисалы, Россиядагы Кыргызстандын Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгү жарандарга укуктук жана миграциялык маселелер боюнча консультация берет. Эмгек акысы төлөнбөй калган учурда дагы колдоо көрсөтөт. Бул багытта 224 кайрылуу түшүп, 461 жарандын 69,8 млн рубль көлөмүндөгү эмгек акысын өндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп, жыйынтыгында 210 жаранга 16,1 млн рубль эмгек акы төлөтүлүп берилди.
Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракат алган төрт кыргызстандык жаранга иш берүүчүлөрдөн жалпы 4,746 млн рубль өлчөмүндө компенсация өндүрүүгө көмөк көрсөтүлдү.
— Демек, мигранттын укугун коргоо бир гана Кыргызстандын тиешелүү органдарынын иши менен эле чектелбейт экен да…
— Албетте, Россиядагы өкүлчүлүк мамлекеттик органдар, прокуратура, эмгек инспекциясы жана башка тиешелүү мекемелер менен биргеликте иш алып барат. Бул жарандардын укуктары бузулган учурда маселени тиешелүү органдарга жеткирүүгө жана чечүүгө көмөк көрсөтөт.
— Жаштардын чет өлкөгө кетиши күчөп жаткан шартта Кыргызстан квалификациялуу кадрларын жоготуп алуу коркунучун кантип азайта алат?
— Бул жерде миграцияны чектөө эмес, адамдык капиталды өнүктүрүү маанилүү. Кыргызстанда чет өлкөлүк эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге жана чет тилдерине окутууну күчөтүү зарыл. Өзгөчө туризм, мейманкана жана ресторан бизнеси, логистика, тейлөө жана техникалык адистиктер сыяктуу тармактарга көңүл буруу керек.
Ошол эле учурда чет өлкөдө тажрыйба топтогон жарандардын Кыргызстанга кайтып келип иштөөсүнө шарт түзүү маанилүү. Ошондо миграция адамдык капиталды жоготуунун эмес, тажрыйба жана көндүм топтоонун бир механизми боло алат.
— Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы эмгек рыноктору катары кайсы өлкөлөр каралууда?
— Бүгүнкү күндө Улуу Британия, Корея, Түркия, Словакия сыяктуу багыттар боюнча иштер жүрүп жатат. Мындан тышкары, Япония менен «Белгилүү көндүмдөргө ээ жумушчу» программасы жана жаңы эмгек программалары боюнча кызматташтык өнүгүүдө. Словакия менен кызматташуунун алкагында кыргызстандыктарды ири ишканаларга, анын ичинде Volkswagen ишканасына ишке орноштуруу боюнча макулдашууга жетишилген.
Мындан ары Германия, Япония жана эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон башка өлкөлөр менен расмий каналдарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Мындай кызматташтык жарандар үчүн мыйзамдуу келишим түзүүгө, социалдык кепилдиктерди алууга жана эмгек укуктарын коргоого шарт түзөт.
— Миграцияны Кыргызстан үчүн узак мөөнөттүү саясат катары кароого убакыт келдиби?
— Ооба, миграцияны убактылуу көрүнүш катары гана кароо туура эмес. Ал Кыргызстандын социалдык-экономикалык жашоосунун маанилүү бөлүгүнө айланды. Ошондуктан миграция саясаты мыйзамдуу жумушка орноштурууну, жарандарды алдын ала даярдоону, алардын укуктарын чет өлкөдө коргоону, жаңы эмгек рынокторун ачууну жана миграциядан келип чыккан экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууну камтышы керек.
Бул багыттар 2026–2030-жылдарга карата Миграциялык саясат концепциясын ишке ашыруунун II этабында да каралган.
— Эмгек миграциясын өлкөнүн өнүгүүсүнө көбүрөөк пайда алып келе турган механизмге айлантуу үчүн эмнени өзгөртүү керек?
— Эң негизгиси, жөн гана жумушка жөнөтүүдөн квалификациялуу кадрларды даярдап, аларды эл аралык эмгек рыногуна чыгарууга өтүү. Бул үчүн тил үйрөтүү, кесиптик даярдык, чет өлкөгө чыгар алдындагы окутуу, эмгек келишимдерин текшерүү, иш берүүчүлөрдү алдын ала верификациялоо жана мигранттарды чет өлкөдө коштоп жүрүү системасын күчөтүү зарыл.
Ошондой эле жеке агенттиктердин ишин көзөмөлдөө маанилүү. Учурда 143 жеке агенттик 26 өлкөдө жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүүдө. Алардын ишин көзөмөлдөө менен бирге мыйзамдуу жана ишенимдүү агенттиктердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керек.
Чынайым Кутманалиева