Гүлкан Жороева, Өзгөн районунун Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрайымы: «Балдарга бакча, аялдарга мүмкүнчүлүк бергим келет»
Гүлкан Жороева Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрайымы, коомдук активист жана райондук аялдар кеңешинин төрайымы. Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн бала тарбиясына арнаган Гүлкан айым бүгүн элдин көйгөйлөрүн чечүүгө, аялдарга мүмкүнчүлүк түзүүгө жана айылдын өнүгүшүнө салым кошууга аракет жасап келет. Жолдошу экөө өз короосуна бала бакча куруп, айылдагы балдарга шарт түзүшкөн. Гүлкан Жороева менен үй-бүлөлүк баалуулуктар, бала тарбиясы, аялдын коомдогу орду жана элге кылып жаткан кызматы тууралуу баарлаштык.
«Үлгүлүү үй-бүлө бири-бирин түшүнүп, колдогон үй-бүлө»
— Гүлкан айым, сиз көп жылдан бери бала тарбиясы, үй-бүлө жана коомдук иштер менен тыгыз байланыштасыз. Сиз үчүн үлгүлүү үй-бүлө деген эмне?
— Мен үчүн үлгүлүү үй-бүлө бири-бирин түшүнгөн, сыйлаган, колдогон, балдарын эмгекке тарбиялап, билимге үндөгөн үй-бүлө. Үй-бүлөдө балага жөн гана тамак-аш, кийим-кече берип коюу жетишсиз. Ага адам болууну, эмгекти баалоону, билим алууну, улууну урматтап, кичүүнү сыйлоону үйрөтүү керек. Мен үч уул, бир кызды тарбияладым. Балдарым чоңоюп, ар бири өз жолун тапты. Азыр кызым Ошто, уулдарымдын бири Бишкекте, бири Караколдо, дагы бири чет өлкөдө эмгектенип жүрөт. Алардын өз алдынча турмуш куруп, эмгектенип, коомго керектүү адам болуп жатканы биз үчүн эң чоң бакыт. Ата-эне үчүн баласынын байлыгы же кызматы эмес, өз ордун таап, эмгек менен жашап, элге пайдасы тийип жатканы маанилүү.
«Балдарым чоңойгондо, жолдошум экөөбүз бала бакча куралы дедик»
— Балдарыңыз чоңойгондон кийин да бала тарбиясынан алыстабай өз үйүңүздөргө бала бакча курган экенсиз…
— Ооба. Балдарым чоңоюп, өз алдынча жашап калышканда жолдошум экөөбүз эле үйдө калдык. Ошондо бала бакча куралы деген чечимге келдик. Ошентип, өз үйүбүздүн короосуна бала бакча курдук. Бүгүн ал жерде балдардын күлкүсү жаңырып турат. Негизи биз өз каражатыбызга бир эмес, эки бала бакча курдук. Экөөндө тең балдар тарбияланып, тарбиячылар эмгектенип жатышат. Бул чечим биз үчүн жөн гана курулуш эмес болчу. Балдарга шарт түзөлү, айылга керектүү иш кылалы деген ниеттен жаралган. Кээде адам балдары чоңойгондо эми өзүм үчүн жашайын деп калат. Биз болсо дагы эмне кыла алабыз? деп ойлодук. Натыйжада үй-бүлөлүк эмгегибизди айылдын балдарына кызмат кылган ишке айландырдык.
«Бала бакчага салынган каражат – келечекке салынган инвестиция»
— Сиз өмүрүңүздүн көпчүлүк бөлүгүн бала бакчага арнадыңыз. Бул кесип сиз үчүн эмнеси менен баалуу?
— Бала менен иштөө чоң жоопкерчилик. Анткени бүгүн сенин алдыңда турган кичинекей бала эртең коомдун мүчөсү болот. Мен дайыма чоңойгондо үйрөтөбүз деп күтпөш керек деп айтам. Баланын мүнөзү, дүйнө таанымы, жөндөмү кичинекей кезинен калыптанат. Бала бакчада бала адамдар менен мамиле түзгөндү, өз оюн айтканды, ырдап-бийлегенди, тартипти жана жоопкерчиликти үйрөнөт. Менин түшүнүгүмдө, алты жашка чейинки мезгил баланын келечегине салынган эң маанилүү пайдубал. Ошондуктан бала бакчага салынган ар бир каражатты келечекке салынган инвестиция деп түшүнсөк болот.
— Сиз тарбиялаган балдардын арасынан кийин ийгиликке жеткендери болдубу?
— Ооба. Бала бакчалар жабылып, имараттары менчикке өтүп жатканда айылда бир гана бала бакча калды. Кыйынчылыкка кабылсак да, аны жаппай иштеттик. Кээде «эмнеңер менен мактанасыңар?» деп сурашат. Биз тарбиялап өстүргөн балдарыбыз менен мактанабыз деп жооп беребиз. Бир кезде мен иштеген бала бакчадан тарбияланган балдар бүгүн ар кандай тармакта эмгектенип жүрүшөт. Айрымдары чет өлкөлөрдө, эл аралык уюмдарда иштеп жатышат. Эмгегибиз текке кетпегенине, жакшы билимдүү, зирек балдарды тарбиялоого салым кошконума сыймыктанам.
«Жарандык активист деген түшүнүк кеңири колдонула электе эле активист болупмун»
— Бала бакчадан айылдык кеңештин төрайымына чейин жеттиңиз. Коомдук иштерге аралашууңуз кандай башталган?
— Мен төрт жолу айылдык кеңешке депутат болуп шайландым. Азыр «жарандык активист» деген түшүнүк кеңири айтылып калды. Бүгүн жасаган иштеримди ойлосом, ошол кезде эле активист болуп жүрүптүрмүн. Эл менен иштечүмүн. Үймө-үй кыдырып, адамдардын көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү жерлерге жеткирүүгө аракет кылчумун. Айылда жол, суу, электр энергиясы, трансформатор сыяктуу маселелер көп көтөрүлчү. Тиешелүү жетекчилерге, керек болсо Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин кайрылган учурлар болду. Айрым маселелер чечилди. Мындан 25 жыл мурун да трансформатор, таза суу, асфальт маселеси болсо, азыр деле ушундай көйгөйлөр бар.
«Аялга жардам берүү бир жолу колдоо эмес, өз алдынча жашоого үйрөтүү»
— Сиз райондук аялдар кеңешин да жетектейт экенсиз. Аялдар менен иштөөдө сиз үчүн эң маанилүү нерсе эмне?
— Аялга жардам берүү бир жолу азык-түлүк же каражат берип коюу менен чектелбеши керек. Мен үчүн эң жакшы жардам аялды өз алдынча жашай ала турган абалга жеткирүү. Үч жылдан бери райондук аялдар кеңешинин төрайымы катары көп аялдардын тагдыры менен тааныштым. Турмуштун оор сыноосуна кабылган, зомбулук көргөн, балдарын жалгыз тарбиялап жаткан, туруктуу кирешеси же үй-жайы жок аялдар бар. Колубуздан келишинче аларга иш таап берүүгө аракет кылабыз. Айрымдарын бала бакчаларга жумушка орноштуруп, балдарын да ошол жерге жайгаштырууга жардам бердим. Аял өз колу менен акча таап, айлык алып баштаганда анын көз карашы өзгөрөт. Өзүнө ишеними пайда болот.
«Менин да колумдан келет экен» деген сезим ойгонот. Ошондо анын жашоого болгон үмүтү да өзгөрөт.
— Аялдарды кол өнөрчүлүккө үйрөтүп жатканыңыз да ушул зарылчылыктан улам пайда болгонбу?
— Ооба. Азыр кол өнөрчүлүккө суроо-талап бар. Ошондуктан аялдар жөн гана өнөр үйрөнүп тим болбостон, андан киреше тапса экен дейбиз. Тренерлерди чакырып, кыз-келиндерди окутуп жатабыз. Себет токуп, ар кандай буюмдарды жасап, сатып, киреше таап калгандар бар. Унутулуп бараткан сайма өнөрүнүн түрлөрүн кайра жандандырууга да аракет кылуудабыз. Азыр рынокто эмнеге суроо-талап болсо, ошол багыттарды үйрөтүүгө, аялдарга шарт түзүүгө аракет кылам. Себеби аялга кесип үйрөтсөң, бир адамга гана эмес, бүтүндөй бир үй-бүлөгө жардам берген болосуң.
«Аялга “сенин колуңдан келет” деп коюу да чоң жардам»
— Сиз жардам берген аялдардын ичинен эсиңизде калганы барбы?
— Мындай учурлар абдан көп. Кээде адамга чоң жардам деле керек эмес. Аны угуп, жанында болуп, «сенин колуңдан келет» деп шыктандырып коюу жетиштүү. Айрым аялдар бизге келгенче өзүнө болгон ишеними жоголгон болот. Кийин жумушка орношуп, айлык алып, балдарын өз алдынча багып баштаганда көз карашы өзгөрүп, жашоого болгон ишеними пайда болот. Ошол аялдын кайра бутуна туруп кеткенин көргөндө өзүм да кубанам. Анткени сен анын жашоосун толугу менен өзгөртпөсөң да, туура жолду көрсөтүп, үмүт берген болосуң.
«Адамга жардам бериш үчүн сөзсүз бай болушуң шарт эмес»
— Сиздин жашооңузда жардам берүү өзгөчө орунда турат окшойт…
— Менимче, адамга жардам бериш үчүн сөзсүз бай болушуң шарт эмес. Колуңдан эмне келсе, ошону кылышың керек. Бала бакчада иштеп жүргөндө ата-энеси жок, турмуш шарты оор балдар болду. Аларга өз каражатымдан жардам берген учурларым көп эле болду. Ал турсун мамлекеттик бала бакчада иштеп жүрүп да долбоор жазып, эмерек, керектүү жабдууларды алдырган мезгилдерим болду. Мамлекеттик мекеме экен, мамлекет өзү чечет деп карап отура берсең, көп нерсе ордунда калып калат. Эгер сенин колуңдан бир нерсе келсе, аны жасашың керек. Адамдын колунан келген жакшылыкты кийинкиге калтырбашы керек деп ойлойм.
«Аял күчтүү болсо, үй-бүлө да бекем болот»
— Сиздин оюңузча, бүгүнкү коомдо аялдын орду кандай болушу керек?
— Аял үй-бүлөдө да, коомдо да чоң күч. Аял баланы тарбиялайт. Ал эми бүгүнкү бала эртеңки коомдун мүчөсү. Ошондуктан аялдын билимдүү, кесиптүү, өзүнө ишенген болушу абдан маанилүү. Бул үй-бүлөдөгү ролун унутсун деген сөз эмес. Тескерисинче, аял үй-бүлөнүн очогун сактап туруп, коомго да пайдасын тийгизе алат. Мен аялдар менен иштеп жатып бир нерсени көп көрдүм. Аялга мүмкүнчүлүк берсең, ал бир адамдын эмес, бүтүндөй бир үй-бүлөнүн жашоосун өзгөртөт. Ошондуктан аялдарды колдоо коомдун келечегине салынган инвестиция деп эсептейм.
«Менин эң чоң байлыгым – балдарым жана элге кылган эмгегим»
— Гүлкан айым, өмүрүңүзгө артка кылчайып караганда, өзүңүз үчүн эң чоң жетишкендик эмне?
— Мен үчүн эң чоң байлык балдарым. Аларды тарбиялап өстүрдүк. Ар бири өз жолун тапты. Үй-бүлө куруп, эмгектенип, элге кызмат кылып жатышат. Ата-эне үчүн мындан өткөн чоң бакыт жок. Экинчи чоң байлыгым элге кылган эмгегим. Бала бакчада иштеп жүргөндө тарбиялаган балдарым, бүгүн жардам берип жаткан аялдар, айылдагы чечилген көйгөйлөр мунун баары мен үчүн чоң эмгектин жыйынтыгы. Менин жашоодогу эң чоң каалоом балдарга жакшы шарт түзүү, аялдарга мүмкүнчүлүк берүү жана элге керектүү ишти жасоо. Бала бакча куруу тууралуу чечим кабыл алган кезде да ушул ой болгон. Балдарга жай керек. Аялдарга иш керек. Үй-бүлөлөргө колдоо керек. Эгер ар бирибиз өз колубуздан келген нерсени жасасак, коом да акырындап өзгөрөт.
Чынайым Кутманалиева
P.S. Бул макала Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин “Социалдык заказ” долбоорунун алкагында “Үй-бүлө институту” темасы боюнча “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезити тарабынан даярдалды.