Гүлзада Станалиева:Көчмөндөр оюндары Көкөтөйдүн ашындай тарыхый PR жана кыргыздын жаңы бренди
«VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дүңгүрөтүп өткөрүшүп, оңбогондой каражатты коротушту» деп сынга алгандар да болуп жатат. Мага дүйнө элинин көнүлүн бурган Көчмөндөр оюндары “Манастагы” Көкөтөйдүн ашындай эле көрүндү. Эпосто да Көкөтөйдүн ашы кыргыз элинин эркин, көз карандысыз дөөлөт болгонун алыскы-жакынкы элдерге таанытуу максатында өткөрүлгөн. Көкөтөйдүн ашына да дүйнөдөн жүздөгөн улуттардан, элдерден өкүлдөр чакырылып, оңбогондой байлык чачылган. Чындыгында ал Ашта кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып, журт кылган Манас курган дөөлөттү башка элдерге таанытуу кампаниясы менен бирге күчтүү маркетингдик жүрүш болгон.
Пиарда да, маркетингде да рынокту кеңири камтуу үчүн жана геосаясий позицияны бекемдөө үчүн дал ушундай ири масштабдагы иш-чаралар керек. Ошондуктан «Акча суудай кетти, кереги бар беле ушунун, келечектин ырыскысын чачышты» деп сындап жатышкандарга жооп иретинде медиа, пиар тексттери боюнча да сабак берип жүргөн киши катары өз оюмду айта кетейин.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дүңгүрөтүп өткөрүп, дүйнө элдеринин көңүлүн өзүбүзгө бурдуруу, өзүбуздүн улуттук жүзүбүздү, көөнө маданиятыбызды, кооз жерибизди, айкөл элибизди таанытуу – өлкө имиджи үчүн өтө зарыл нерсе болчу.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жүздөгөн өлкөдөн эл агылып келди. Учурда алардын ар бири интернет аркылуу, жеке каналдары аркылуу ой-пикирлерин айтып жатышат. Азыр интернетти ачсаңыз, Кыргызстанды жарнамалаган маалыматтар бир канча тилде желдей тарап жайылууда.
Пиарда бренддин кадыр-баркын көтөрүү үчүн чоң лидерлер жана таасирдүү инсандар, инфлюенсерлер тартылат. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да улуттук жана эл аралык деңгээлдеги эң чоң инфлюенсерлер: саясий лидерлер, спорт жылдыздары, блогерлер жана медиа өкүлдөрү чогулду.
Айрыкча, иш-чаранын ачылышы Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Бишкектеги саммити менен катар өткөндүктөн, ачылыш аземине дүйнөлүк деңгээлдеги эң таасирдүү саясий лидерлер катышты: Кытайдын лидери Си Цзинпинь, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Россиянын президенти Владимир Путин, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан ж.б.) жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш ачылыш аземин өз көздөрү менен көрүштү. Андан тышкары АКШдан атайын өкүл Сержио Гор жана сенатор Стив Дэйнс ковбой шляпаларын кийип келип, Америка командасын колдоп, чоң маалыматтык резонанс жаратышты.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында дрон-шоулар, интерактивдүү маданий айылдар, ири байгелер жана санариптик стримдер биригип, Кыргызстандын маданиятын дүйнөгө даңазалаган зор ивент-маркетингдик платформага айланды.
Кырчын жайлоосунда келген коноктор боз үй тигип, боорсок бышырып, жаа атып, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарга катышып, кыргыз деген брендди кармап көрүп, ал менен алака түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Мелдештер жана шоу-программабыз социалдык тармактарда жана дүйнөлүк телеканалдарда түз эфирде көрсөтүлүп, миллиондогон көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурду.
Биз өзүбүздүн көөнө маданиятыбызды даңазалап, дүйнө элине көрсөтүп, жаңы Кыргызстанды курууга жол ача алдык. Эми мындан ары туристтердин агымы бизге болуп көрбөгөндөй күчөйт. Биз менен кызматташууга кызыкдар өлкөлөрдүн да саны арбыйт.
Демек, негизги жумушубуз эми башталат? Эмне кылышыбыз керек? Бийлик инфрастуруктураны, коопсуздукту, жол ж.б. маанилүү нерселерди катуу көзөмөлгө алып, тейлөө деңгээлин өлкө боюнча текши көтөрүшү керек. Өлкөбүздөгү тейлөө тармагын жүргүзгөн ишкерлер кызматкерлерин профессионалдуу деңгээлдеги сервис кызматына окутуп, үйрөтүүгө тийиш. Бишкектин кафе-ресторандарында тейлөө кызматы, тамак-ашы мыкты болгону менен, аймактарыбызда тамактануучу жайлардын, сервистин деңгээли жакшы эмес. Айрыкча, даараткана маселеси бизде дагы деле курч турат. Дааратканалардын тазалыгына ашкере көңүл бурулбаса болбойт.
Саламаттыкты сактоо кызматкерлери, жол коопсуздугун караган кызматкерлер, тартип сакчылары, дүкөнчүлөр, сатуучулар, таксисттер, айтор, калың эл менен бирге туристтер кайрылууга мажбур боло турган кызматкерлер адамгерчиликтин, сылыктыктын бийик үлгүсүн көрсөтүшү керек.
Ооба, өлкө башындагылар дүйнө элинин көңүлүн бурдуруп, кардарлардын жоон тобун тартууга шарт түзүп беришти. Эми аларды кармап калуу, Кыргызстанды эңсеп кайра-кайра келгиси келгидей тосуп алуу, тейлөө, эселеп пайда табуу элдин колунда. Кардар бир келгени эсеп эмес, кайра-кайра келип, жакшы пикирде кайтып, башкалардын келишине да себепчи болгону маркетингде чоң утуш.
Буюрса, көпчүлүк айтып жаткандай, Кыргызстан прайм эранын, өнүгүүгө чоң секирик жасоонун алдында турат. Ар бирибиз ушул кутубузду аздек тутуп, ага аң-сезимдүү аяр мамиле жасайлы.