Гүлзат Исаматова, КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри: Максатым – сапаттуу, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү
30-июнда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова «Ачык кабинет – жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагындагы жумуш күнүн кадимки үй-бүлөлүк милдеттерден баштады. Эртең менен министр кызын бала бакчага жеткирип, андан соң «Биринчи радиого» барып, түз эфирде илим, жогорку билим берүү жана инновациялар тармагында жүргүзүлүп жаткан негизги реформалар тууралуу айтып берип, радиоугармандардын суроолоруна жооп берди.
Министр башкы максат – өлкөнүн талаптарына жооп берген сапаттуу, жеткиликтүү, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү зарыл дейт. “Жогорку билим берүүнү сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы кабыл алынган. Бул жаңы концепция окуу процессин эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келтирүү жана теориялык билимди практика менен бекемдөө каралган. Санариптештирүү, илимий изилдөөлөрдү колдоо жана эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү башкы максат. Жогорку, орто жана андан аркы кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашыруу, билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү зарыл”, — дейт ал.
Радиоэфирден кийин министр жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтуна барып, биотехнология багытындагы илимий изилдөөлөр жана келечектүү иштери менен жеринде таанышты.
Программанын кийинки багыты Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети болду. Бул жерде журналисттерге университеттин кырдаалдык борбору көрсөтүлүп, ошондой эле жаңы окуу корпусунун курулушунун жүрүшү менен тааныштырылды.
Өзгөчө көңүл Республикалык учкучсуз системалар борборуна жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тарабынан курулган күн электр станциясына бурулду. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө учкучсуз технологиялар, заманбап инженердик чечимдер жана кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу жаатындагы акыркы иштелмелер көрсөтүлдү.
Иш күн андан ары Инновациялык борбордо уланды. Бул жерде робот техникасы, санариптик технологиялар жана жаш окумуштуулар менен студенттер тарабынан иштелип чыккан инновациялык долбоорлор сунушталды.
Андан соң журналисттер Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жогорку окуу жайларын жана илимий борборлорду кыдыргандан кийин министр министрликке келип, Алихан Абдыкаимов жана анын ата-энеси менен жолугушту. Жаш бүтүрүүчүнү Корнелл университети толук гранттык негизде окууга кабыл алган.
Министр Алиханды бул чоң жетишкендиги менен куттуктап, анын ийгилиги максатка умтулуунун, талыкпаган эмгектин жана билимге болгон умтулуунун айкын үлгүсү экенин белгилеп, окуусуна жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жумушчу кеңешмесине, ошондой эле өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен өткөн видеоконференцияга күбө болушту. Анда жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.
Мээрим Бактыбек кызы