Гульзат Исаматова студенттердин инновациялык долбоорлору менен таанышты
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине иш сапары менен барып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Сапардын алкагында министрге университеттеги билим берүү процесси, илимий жетишкендиктер, эл аралык кызматташтык жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле Гульзат Исаматова университеттин жаңыланган окуу имараттарын, студенттер жатаканасын, Эл аралык медицина факультетинин материалдык-техникалык базасын, башкы окуу корпусунда жайгашкан Маданий-эстетикалык борборду жана Б. Сыдыков атындагы музейди көрүп чыкты.

Мындан тышкары министр окуу жайдын Стартап борборуна барып, инновациялык долбоорлорду ишке ашырып жаткан студенттер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө жаштар өздөрүнүн демилгелерин жана жетишкендиктерин тааныштырып, ишке ашырып жаткан долбоорлору тууралуу маалымат беришти.

Иш сапардын жыйынтыгында министр студенттердин чыгармачыл жана инновациялык демилгелерин жогору баалап, билим берүү менен илимди өнүктүрүүдө мындай борборлордун маанилүү ролун белгиледи.