Гүлжан Сатиева Төлөктөгү көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтөрүн билдирди
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева Москва районундагы иш сапарынын алкагында Төлөк айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Жолугушууда жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн бир катар көйгөйлөр ортого салынып, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылды.
Алардын арасында Спартак айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлеринин нөөмөтүн уюштуруу, Спартак–Маловодное жолуна жаңы асфальт төшөө, эски маданият үйүнүн ордуна жаңы имарат курууну тездетүү, ошондой эле Кыз-Моло жана Спартак айылдарын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелери бар.
Жергиликтүү депутаттардын айтымында, бул көйгөйлөр айыл тургундарынын күнүмдүк жашоо-турмушуна түздөн-түз таасирин тийгизип келет. Өз кезегинде Гүлжан Сатиева маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, чечүү жолдорун биргелешип кароо зарылдыгын белгиледи.
Иш сапардын жүрүшүндө депутат Москва районунун Аялдар кеңешинин жыйынына да катышты. Анда аялдардын коомдук турмушка активдүү аралашуусу, үй-бүлө жана балдардын бакубаттуулугу, социалдык маселелер жана аялдардын демилгелерин колдоо боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Гүлжан Сатиева көтөрүлгөн маселелердин чечилишин көзөмөлгө аларын билдирип, жергиликтүү бийлик жана тургундар менен биргеликте ишти улантарын айтты.