"Эркин-Тоо"

“Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун “аялдар канатынын” жашыруун иши аныкталды

“Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун “аялдар канатынын” жашыруун иши аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аталган уюмдун аныкталган мүчөлөрү экстремисттик идеологияны жайылтуу жана ага жаңы тарапкерлерди тартуу боюнча мыйзамсыз иш аракеттерди жүргүзүп келишкен.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар “С.Т.”, “М.Г.” жана “М.Н.” камакка алынып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!