Хоккей боюнча дүйнө чемпиондугу Бишкекте өтүүдө
Кечээ, 18-январда Бишкек шаарында 20 жашка чейинки спортчулар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпиондугу башталды.
Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына ылайык, турнирге алты өлкөнүн курама командалары катышууда. Алар — Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка Республикасы, Иран жана Кытайдын Гонконг шаарынан келген курама топтор.
Кыргызстандын жаштар курама командасы алгачкы оюнунда Гонконг курама командасын 4:1 эсебинде утту.
Белгилей кетсек, хоккей боюнча U20 дүйнө чемпиондугу 24-январга чейин уланат.