«Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссиянын жыйыны өттү

11-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссиянын жыйыны өттү. Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун төрагалыгы менен болду.Возможно, это изображение помост и текст

Белгилей кетсек, «Эл үмүтү» Кыргыз Республикасынын Президентинин эл аралык стипендиясы Кыргыз Республикасынын таланттуу жана максатты көздөгөн жаштарын колдоо жана QS World University Rankings жана Times Higher Education дүйнөлүк рейтингдеринин алдыңкы 100 орунуна кирген алдыңкы чет элдик жогорку окуу жайларында магистратура жана докторантура (PhD) деңгээлинде билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында негизделген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X