Ысык-Көл форуму-Кыргызстандын XXI кылымдагы интеллектуалдык-маданий ренессансынын символу

Адамзат тарыхында – XXI кылым ааламдашуу, технологиялык секирик менен жаңы геосаясий өзгөрүүлөрдүн доору катары мүнөздөлүүдө. Мындай шартта ар бир мамлекет өзүнүн улуттук жүзүн, маданий өзгөчөлүгүн жана интеллектуалдык потенциалын сактап калуу менен бирге дүйнөлүк өнүгүү процессине жигердүү катышууга умтулууда. Кыргызстан үчүн бул маселе өзгөчө мааниге ээ. Анткени өлкөнүн келечектеги ийгилиги жаратылыш байлыктарына гана эмес, адам капиталына, билимге, маданиятка анан да руханий баалуулуктарга түздөн-түз байланыштуу. Ушул өңүттөн алып караганда, Ысык-Көл форумун Кыргызстандын XXI кылымдагы интеллектуалдык, маданий ренессансынын символу катары баалоого болот.

Ренессанс түшүнүгү тарыхта кайра жаралуу, жаңыча ой жүгүртүү жана чыгармачылык гүлдөп-өнүгүү мезгилин билдирет эмеспи. Европадагы Ренессанс доору илимдин, искусствонун, философиянын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн болсо, бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн ренессанс билимге, инновацияга, маданиятка ошондой эле руханий өнүгүүгө негизделген жаңы коомду куруу менен байланышат. Мындай жаңылануунун идеялык негизи улуттук маданиятыбызды дүйнөлүк цивилизациянын баалуулуктарына айкалыштырууда жатат.

Дүйнө коомчулугуна белгилүү Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 1986-жылы көтөргөн демилгеси менен түзүлгөн “Ысык-Көл форуму” дал ушул максаттарды көздөгөн. Форум ар түрдүү өлкөлөрдөн келген окумуштууларды, философторду, жазуучуларды, саясатчыларды, коомдук ишмерлерди бир аянтчага топтоп, адамзаттын жашоо келечеги тууралуу эркин пикир алмашууга шарт түзгөн. Ал мезгилде дүйнө “кансыз согуштун” идеологиялык тирешүүсүн баштан кечирип жаткан. Ошол шартта Ысык-Көлдүн жээгинде ар түрдүү көз караштагы дүйнө элдеринин интеллектуалдарынын диалог жүргүзүшү өзүнчө бир тарыхый көрүнүш болгон.

Форумдун өзгөчөлүгү анын саясий эмес, руханий – интеллектуалдык мүнөзүндө эле. Бул жерде дүйнөлүк көйгөйлөр күч колдонуу аркылуу эмес, акылмандык, маданий өз ара түшүнүшүү аркылуу чечилиши керек деген идея үстөмдүк кылган. Бүгүнкү күндө бул принциптер мурдагыдан да актуалдуу болуп келет. Климаттын өзгөрүшү, жасалма интеллекттин өнүгүшү, маалыматтык коопсуздук, инсандык маданий иденттүүлүктү сактоо сыяктуу маселелер дүйнө коомчулугунун алдында жаңы чакырыктарды жаратууда.
Кыргызстан үчүн Ысык-Көл форумунун мааниси дагы бир жагдай менен түшүндүрүлөт. Ал өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын дүйнөгө тааныткан уникалдуу платформа болуп калды. Форум аркылуу Кыргызстан географиялык жактан чакан өлкө болгону менен, эл аралык идеялар менен маданияттын жолугушуу борбору боло аларын далилдей алды. Бул өз кезегинде өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрүүгө жана маданий дипломатияны өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Азыркы мезгилде улуттук ренессанс түшүнүгү жаңы мазмунга ээ болууда. Ал тарыхый мурастарды сактоо менен гана чектелбестен, билим берүү системасын жаңылоо, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, чыгармачыл индустрияларды колдоо жана санариптик технологияларды өздөштүрүү менен тутумдашат. Демек, бүгүнкү ренессанс – өткөндү урматтап, келечекти курууга багытталган өнүгүү модели. Мына ушундай шартта Ысык-Көл форумунун идеяларын кайрадан жандандыруу мезгил талабы болуп саналат. Форум жаш окумуштууларды, аналитикалык серепчилерди, маданият өкүлдөрүн, заманбап технологиялык лидерлерди бириктирген мезгил талабына ылайык интеллектуалдык борборго айланышы мүмкүн. Бул форум Кыргызстанга Борбор Азиядагы илимий жана маданий кызматташтыктын маанилүү борборлорунун бири болууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Ысык-Көл форуму өткөндүн эстелиги эмес, келечекке багытталган жаңы идея. Ал кыргыз элинин дүйнөлүк маданий-интеллектуалдык мейкиндикке кошкон салымын чагылдырган символ болуп саналат. Эгер XXI кылым билимдин, инновациянын жана руханий жаңылануунун кылымы болсо, анда Ысык-Көл форуму ошол жаңылануунун кыргызча модели катары өзүнүн тарыхый миссиясын дагы да сактап кала берет. Демек, аны кайрадан өнүктүрүп, жаңы мазмун менен толуктоо Кыргызстандын улуттук ренессансынын маанилүү багыттарынын бири.

Кыргыз улуттук ренессансы тууралуу сөз кылганда, аны бир эле мезгил менен чектеп коюуга болбойт. Биз үч негизги этапка бөлүп карасак туура болчудан:
Орто кылымдагы кыргыз-түрк маданий жандануу этабында: Жусуп Баласагындын Кутадгу билиг чыгармасы, Махмуд Кашгаринин Дивану лугат ат-түрк эмгеги, Ас-Сарахсинин 30 томдон турган Ал-Мабсут ири укуктук эмгектерин жазып калтырышкан.

XIX–XX кылымдын башындагы улуттук аң-сезимдин ойгонуу этабы: Кыргыз агартуучуларынын, манасчылардын, алгачкы интеллигенциянын калыптануу доору. Улуттун тарыхын, тилин, маданиятын сактоо идеясы күчөтүлгөн.

XX кылымдын экинчи жарымындагы кыргыз маданий ренессансы: Бул этап көбүнчө Чыңгыз Айтматов, жалпы кыргыз адабияты, киносу, илими, искусствосу менен байланыштырып, Кыргыз маданиятынын дүйнөлүк деңгээлге чыккан мезгил деп эсептелинип келет.

Бүгүн ренессанс жөнүндө форумдун жүрүшүнөн кеңири маалымат ала алабыз.

Бахпурбек Аленов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X