ШКУ медиафорумунда маалыматтык кызматташтык жана ЖИнин медиадагы ролу талкууланууда
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин медиафорумунда маалыматтык кызматташтыкты кеңейтүү, санариптик журналистика жана жасалма интеллекттин медиадагы ролу талкууланууда. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева билдирди.
Анын айтымында, алгачкы ШКУ медиафоруму 2019-жылы Кыргызстандын демилгеси менен өткөн. Учурдагы форумдун негизги максаты — мүчө мамлекеттердин медиа түзүмдөрүнүн кызматташуусун күчөтүү жана жалпы маалыматтык мейкиндикти өнүктүрүү.
Сарногоева ШКУ өлкөлөрүнүн биргелешкен телеканалын түзүү демилгеси айтылганын жана бул сунуш келечекте ишке ашышы мүмкүн экенин белгиледи.
Форумда ошондой эле санариптик платформалардын, блогерлердин жана жасалма интеллекттин маалымат тармагына тийгизген таасири талкууланып, заманбап шартта медианын так жана ыкчам маалымат жеткирүүдөгү ролу баса белгиленди.