Сооронбай Жээнбеков: “Кызматтан кетүү чечимин Садыр Жапаров менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алгам»
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков саясатчы Азимбек Бекназаровдун “президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырган” деген билдирүүсүн четке какты.
Бул тууралуу Жээнбеков “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.
Анын айтымында, ал президенттик кызматтан кетүү чечимин ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен он күнгө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алган.
“Мени эч ким коркуткан эмес. Мен ал кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен он күн бою сүйлөштүм. Ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттик кызматымды тапшыргам. Муну элдин баары билет”, — деди Жээнбеков.
Ал Бекназаровдун билдирүүсүн чындыкка дал келбеген пикир катары баалады.
“Азимбек Бекназаровбу же башкасы болобу, “Жээнбековду Ташиев коркутуп арыз жаздырган” десе — бул ойдон токулган жомок. Бул ошол кездеги кырдаалдан кабары жок адамдардын жалган пикири”, — деди экс-президент.
Жээнбеков акыркы беш жылдан бери эч кимге комментарий бербей келгенин белгилеп, бул жолу гана ошол кездеги окуялар ар кандай бурмаланбашы үчүн түшүндүрмө бергенин кошумчалады.