Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны болду

Бүгүн, 23-июнда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 12-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында болду.

Отурумда Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин кызыкчылыктары үчүн эки мамлекеттин саясий кызматташтыгы өлкө лидерлеринин аркасында мындан ары дагы кеңейтилээри, аны менен катар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлор жана демилгелер жигердүү илгериленип, аймактар аралык кызматташуу өнүгүп, тиешелүү “жол карталарында” бекитилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы белгиленди.

Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан Өзбекстан менен соода-экономикалык тармакта кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берээрин, бул багытта өз ара сооданын тынымсыз өсүп жатканын белгиледи.

“2025-жылдын аягына чейин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода жүгүртүү 1 млрд доллардан ашып, бул 2024-жылга салыштырмалуу 19%га өстү. Акыркы беш жылдын ичинде эки эсе өскөнүн баса белгилегим келет. Биз биргелешип алдыга амбициялуу, аткарыла турган максатты койдук, 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү”, — деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жаткан Кыргызстан-Өзбекстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн активдештирүү, жетишилген макулдашууларга ылайык, анын уставдык капиталын көбөйтүү айтылды.

“Биз өнөр жай кооперациясына жана биргелешкен өнөр жай долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурууну сунуштайбыз. Биргелешкен индустриалдык парктарды жана логистикалык комплекстерди түзүүнү, ошондой эле мындай долбоорлорду мамлекеттик колдоо механизмдерин иштеп чыгууну колдойбуз. Биз 2030-жылга чейин агроөнөр жайлык кооперациялык программаны иштеп чыгуу боюнча биргелешкен ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүнү колдойбуз”, — деди МинКаб Төрагасы.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X