Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өттү

23-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 265
Президенттин басма сөз катчысы Аскат  Алагозов  Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араларды демаркациялоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары жашоочулары менен бирге Кыргызстанга өттү. Бул эки айылда негизинен этникалык кыргыздар жашайт. Жалпы калктын саны болжол менен 2500 адамды түзөт.

Учурда аталган айылдарда каттоо иштери жүргүзүлүп, тургундарына Кыргызстандын жарандыгын берүү процесси жүрүүдө.

«Бул айылдардын ордуна кыргыз тарап Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер берди», – деди Алагөзов.

Ошондой эле ал Сай айылынан Таян айылына чейинки жолду куруу максатында 236 гектар жер теңме-тең негизде алмашылганын белгиледи. Бул долбоор ишке ашкан соң, Баткен облусунун тургундары Айдаркен аркылуу 225 чакырым айланып жүрбөстөн, Сай–Таян жолу аркылуу Баткенге чейин болжол менен 55 чакырым жол менен жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Мындан тышкары, кыргыз тарап Токмок шаарынын аймагындагы Казакстанга тиешелүү болуп калган 800 метр жол тилкесин теңме-тең жерге алмашуу боюнча сунуш киргизген. Бул демилге ишке ашса, Алматы көчөсүнөн Кеминге чейин созулган, узундугу болжол менен 150 чакырым болгон төлөмдүү автомагистралды курууга шарт түзүлүшү мүмкүн.

Алагөзов чек ара маселелерин саясатташтырбастан, эки тараптуу макулдашуу жана өз ара түшүнүшүү аркылуу чечүү маанилүү экенин белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X