“Ысык-Көл форуму” – интеллектуалдык диалогдун жана дипломатиянын аянтчасы

Ысык-Көл эл аралык форумунун негизделгенинин 40 жылдыгына карата уюшулган иш-чара дүйнөгө белгилүү жазуучулардын, интеллектуалдардын башын бириктирип, адамзаттын алдында турган чакырыктарды талкуулап, жалпы келечек үчүн жаңы идеяларды ортого салышты. Чолпон-Ата шаарында өткөн форумга Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь, кытай адабиятынын классиги Ван Мэн, дүйнөгө белгилүү тарыхчы жана эксперт Питер Франкопан, кинорежиссер Али Хамраев, белгилүү сүрөтчү жана арт-менеджер Василий Церетели, ошондой эле Азия жана Европанын көптөгөн башка белгилүү маданият жана илимий ишмерлери катышты.

Форумдун катышуучуларына Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган да куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

“Ысык-Көл форумунун” ачылыш аземине катышкан Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө адамзаттын глобалдык көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов демилгелеген бул иш-чаранын конокторун жана катышуучуларын куттуктап, Чыңгыз Айтматов баштап кеткен ошол интеллектуалдык жөрөлгөнү улай, “Дүйнө цивилизациялык бурулуш жолдо: келечекке бирге” урааны астында өткөрүлүп жаткан Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгынын белгиленип жатканына басым жасап, форумду белгилөө – бул Түндүк менен Түштүктүн, Батыш менен Чыгыштын ортосундагы жаңы цивилизациялык диалогду түзүү, бүгүнкү күндүн курч чакырыктарына: климаттык кризистин алдын алуу, жасалма интеллекттин чектен тыш колдонулушун тизгиндөө, дегеле адамдык бийик парасаттын сакталып калышына бирдиктүү интеллектуалдык жооп издөө мүмкүнчүлүгүнө катышуучулардын көңүлүн бурду.

Садыр Жапаров жөн гана талкуу аянтчасын уюштуруудан алда канча кенен болгон Ысык-Көл форумунун терең миссиясын баса белгиледи.
“Бүгүн биз адамдын экосистемага тийгизген зыянын моюнга алуубуз зарыл. Табият менен кайрадан камыр-жумур, сый мамилеге келишибиз керек. Бул багытта Кыргызстан дүйнөлүк алкакта тоо экосистемасын сактап калуу, жашыл экономиканы өнүктүрүү сыяктуу маселелерде эл аралык коомчулукка катуу коңгуроо кагып жаткандыгын кошумчалай кетейин”, — деп өзгөчө белгиледи Президент. 

Форумда БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве, Түрк мамлекеттери уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ICESCOнун Башкы директору Салим Бин Мухаммед Аль-Малик жана ЮНЕСКОнун Алматыдагы жана чөлкөмдөгү директору Амир Пирич жана ошондой эле КЭР Жазуучулар союзунун төрагасы Чжан Хунсэнь, Оксфорд университетинин профессору (Улуу Британия) Питер Франкопан, сүрөтчү, Россия көркөм сүрөт академиясынын президенти (Россия) Василий Церетели, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, жазуучу жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов сөз сүйлөшүп, ой пикирин бөлүштү.
Сөз сүйлөгөндөрдүн ар бири Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк гуманизмдин устаты катары гениалдуулугун жана Форумдун тынчтык, коопсуздук жана жаратуучулук жолундагы эл аралык натыйжалуу диалогдун ордосу катары ролун өзгөчө белгилешти.

Форумдун соңунда катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынды. Анда азыркы дүйнөдө күчөп жаткан геосаясий чыңалуулар, куралдуу кагылышуулар, климаттык өзгөрүүлөр, социалдык-экономикалык теңсиздик жана технологиялык трансформациялар адамзаттын алдында жаңы милдеттерди жаратып жаткандыгы белгиленди. Документте Чыңгыз Айтматовдун гуманисттик идеяларын жана Ысык-Көл форумунун интеллектуалдык мурасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар демилгелер кирген. Резолюцияга ылайык, Ысык-Көл форумун төрт жылда бир жолу Кыргызстанда өткөрүү, анын ишин координациялоо үчүн Бишкек шаарында Туруктуу координациялык кеңеш (катчылык) түзүү жана форумдун эл аралык аброюн жогорулатууга багытталган демилгелерди илгерилетүү сунушталды. Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген Ысык-Көл форуму 1986-жылы дүйнөнүн белгилүү ойчулдарын жана коомдук ишмерлерин бириктирген эл аралык интеллектуалдык аянтча катары түзүлгөн.

ТүркСОЙ уюмунун башкы катчысы, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев:
– Биз ушул кезге чейин Айтматов түптөп кеткен интеллектуалдардын Ысык-Көл форумунун тарыхый ордуна, тарыхый миссиясына, адамзаттык маанисине, дүйнөлүк цивилизациялык циклга кошкон салымы жөнүндө тарыхый баасын бере элекпиз. Бу форумдун негизги мааниси эмне эле? Алгачкы жолу Чыгыш менен Батыштын интеллектуалдары биригип, бир платформада глобал дүйнө проблемаларын чечүү жолдорун издөөнү гана эмес, эң оболу бу форум дүйнөнүн саясий циклин өзгөртүүгө, дүйнөдө калыптанган идеологиялык стереотипти бузууга, жаңы ой, жаңы көз караш, эң башкысы Чыгыш менен Батыш диалогун орнотууга, ошондой эле Дүйнөлүк картанын жаңы архитектурасын жаратууга жол ачуу эле. Ысык-Көл Айтматовдун духу, руху, энергетикасы менен жашаган ыйык аймак. Бу аймак дүйнөлүк интеллектуалдардын борборуна айлансын деген пикирибизди, сунушубузду айткыбыз келет! Дүйнөдө эң түгөнбөс байлык — акыл! Бул руханий да, тарыхый жактан алганда да эң туура болот деген ишенимдемин!

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев:
– Ысык-Көл форумунда эки күн бою талкууланган маселелер камтылган 11 пункттан турган резолюция кабыл алынды. Мында Айтматовдун мурасын, гуманисттик идеяларын жайылтуу бул форумга эл аралык статус берүү боюнча ООНго кайрылуу маселеси айтылды. Мындан тышкары, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата жер бетине тынчтык философиясын, тынчтык маданиятын жайылтуу боюнча иш-чаралар өткөрүү көтөрүлдү.

Кытай жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь:
– Мындан 40 жыл мурда көтөрүлгөн көп маселелер бүгүн да актуалдуу. Аларды чечүү дагы да уланышы мүмкүн. Аны менен катар жаңы чакырыктар да пайда болууда. Мисалы, мурда жасалма интеллект маселеси жок болсо, бүгүн ал эң маанилүү темага айланды. Андыктан, форум эски глобалдык маселелерди да, жаңы чакырыктарды да үзгүлтүксүз талкуулап турушу керек.

Даярдаган Мээрим Бактыбек кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X