Шаарлар аралык каттамдарга билет сатып алуу санарип форматка өттү
«Менин шаарым» тиркемесинде жаңы электрондук кызмат жеткиликтүү болду. Эми колдонуучулар шаарлар аралык жүргүнчү ташуу каттамдарына билеттерди онлайн режиминде брондоп жана сатып ала алышат.
Кызматты пайдалануу үчүн тиркемедеги «Кызматтар» бөлүмүнө өтүп, билет сатып алуу кызматын тандоо жетиштүү. Колдонуучулар өздөрүнө ылайыктуу багытты, сапардын күнүн жана транспорт каражатындагы конкреттүү орунду тандай алышат. Төлөм ийгиликтүү жүргүзүлгөндөн кийин электрондук билет тиркемеде сакталат жана аны жолго чыккан учурда көрсөтүү жетиштүү.
Жаңы сервис жарандардын убактысын үнөмдөөгө, билет сатып алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө жана шаар тургундары менен коноктору үчүн санариптик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
«Менин шаарым» тиркемесиндеги жаңыртууларга көз салып туруңуздар. Алдыда колдонуучулар үчүн жаңы электрондук кызматтар этап-этабы менен ишке киргизилип, кызматтардын тизмеси дагы кеңейтилет.