Алмамбет Шыкмаматов Грузиянын салык кызматынын реформалары менен таанышты

25-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 163

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Грузияга болгон иш сапарынын алкагында өлкөнүн салык органынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, сапардын негизги максаты Кыргызстан менен Грузиянын салык органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат.Возможно, это изображение текст

Иш сапарынын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов Грузиянын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер кызматынын жетекчиси Михаил Маглакелидзе менен жолугушту. Жолугушууда тараптар салыктык жана бажылык башкарууну өркүндөтүү, санариптештирүү жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст

Шыкмаматов Грузияда ишке ашырылган реформалар салыктык жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууда ийгиликтүү үлгү болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда да Салык кызматын модернизациялоо боюнча иштер улантылып, санариптик кызматтар киргизилип, салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапаты жакшыртылууда.

Ошондой эле ал Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, акыркы жылдары өлкөдө туруктуу өсүш байкалып жатканын айтты. Анын маалыматына ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу салыктык түшүүлөр 135 пайызга көбөйүп, белгиленген пландан ашкан.

Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Өз кезегинде Михаил Маглакелидзе грузиялык тажрыйбага кызыгуу көрсөтүлгөнү үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди белгиледи. Ал Кыргызстан менен Грузиянын тоолуу өлкөлөр экенин айтып, туризм жана айыл чарба тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү кең экенин кошумчалады.

Сапардын алкагында Грузиянын Кирешелер кызматынын өкүлдөрү кыргызстандык адистер үчүн бир катар презентацияларды өткөрүп, мекеменин түзүмү, реформалардын жыйынтыктары, стратегиялык өнүгүү багыттары жана аналитикалык-операциялык ишмердүүлүк боюнча маалымат беришти.

Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст

Иш сапарынын жыйынтыгында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы менен Грузиянын Кирешелер кызматынын ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө, салыктык башкаруунун мыкты тажрыйбаларын жайылтууга жана санариптештирүү, аналитика жана кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кызматташууну тереңдетүүгө багытталган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X