Балдардын укуктарын коргоодо ЖМКнын ролу боюнча тренинг башталды
Кечээ Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Секретариаты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматы жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурган «Балдардын укуктарын коргоодо ЖМКнын ролу: этика, коопсуздук жана кесипкөйлүк» деген эки күндүк тренингин ачты.
Тренингге мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын кызматкерлери жана мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери катышууда.
Максаты – балдар менен байланышкан темаларды чагылдыруу боюнча кесипкөйлүк жөндөмдөрүн эл аралык стандарттарды жана балдардын укуктарын коргоо принциптерин эске алуу менен жогорулатуу.
Өз сөзүндө Асель Чынбаева балдардын темасын жоопкерчилик менен чагылдыруунун маанилүүлүгүн жана баланын кызыкчылыгын, купуялуулукту, коопсуздукту жана адамдык кадыр-баркты сыйлоо зарылдыгын баса белгиледи.
Ошондой эле, ал бүгүнкү күндө басма сөз кызматтары балдардын укуктарын коргоо системасында маанилүү ролду ээлеп, балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча мамлекеттик чаралар жөнүндө коомдук түшүнүктү калыптандырып, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатып, жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Тренингдин жүрүшүндө балдардын темасын чагылдыруунун укуктук, этикалык жана психологиялык аспектилери, ошондой эле ЖМК жана басма сөз кызматтарынын өз ара аракеттенүү маселелери каралат.
Жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик органдарга жана ЖМКларга балдардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоо боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгышат.