Айбек Джунушалиев дүйнөнүн 240 миңден ашуун шаарын бириктирген уюмдун вице-президенти болуп шайланды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 2026-жылдын 25-июнунда Марокконун Танжер шаарында өткөн Дүйнөлүк «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» (UCLG) уюмунун кезектеги конгрессинде бир добуштан уюмдун вице-президенти болуп шайланды.
«Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» – дүйнөдөгү жергиликтүү жана аймактык бийлик органдарынын эң ири эл аралык уюму. Ал 140тан ашуун өлкөдөгү 240 миңден ашык шаарды, муниципалитетти жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциацияларын бириктирет. Уюм алардын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде коргоп, Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык институттар менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Уюмдун вице-президенттери жетекчи органдардын курамына кирип, шаарларды туруктуу өнүктүрүү, санариптик трансформация, экологиялык саясат жана муниципалдык башкарууну өркүндөтүү боюнча стратегиялык чечимдерди иштеп чыгууга катышат.
Айбек Джунушалиевдин бул кызматка шайланышы Бишкек шаарынын эл аралык деңгээлдеги ордун бекемдеп, борбор калаанын дүйнөлүк шаарлар менен кызматташтыгын кеңейтүүгө, ошондой эле жаңы эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү тартууга өбөлгө түзөт.