Айзат Туруспекова, Талас токой чарбасынын директорунун милдетин аткаруучу: Ар бир көчөт – келечекке калтырылган мурас

27-июнь, 2026-ж. / Редакция / Маек 394

Токой чарбасы көпчүлүк үчүн эркектердин кесиби катары кабыл алынат. Бирок бул тармакта аялзаты да жоопкерчиликти татыктуу аркалап, жетекчилик кызматка чейин өсүп чыккан адистер бар. Алардын бири – Талас токой чарбасынын директорунун милдетин аткаруучу Айзат Туруспекова. Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери жаратылышты коргоо, көчөт өстүрүү жана жашылдандыруу багытында эмгектенип келе жаткан каарман менен кесиптин түйшүгү, жетишкендиктери тууралуу маек курдук.

– Айзат Алымбаевна, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Токой чарбасындагы эмгек жолуңуз качан башталган?

– Мен Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында төрөлгөм. Учурда Талас токой чарбасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп эмгектенем. Бул тармактагы эмгек жолум 2004-жылы башталган. Ошондон бери токой чарбасын өзүмдүн өмүрлүк кесибим катары көрүп, 22 жылга жакын убакыттан бери үзүрлүү эмгектенип келем.

– Дал ушул кесипти тандооңузга эмне түрткү болду?

– Бул кесипти тандоомо апам чоң таасир эткен. Ал өмүр бою токой чарбасында иштеп, азыр ардактуу эс алууда. Биз бала кезибизден эле анын жанында көчөт отоп, үрөн сээп, көчөттөрдү карап чоңойдук. Ошол эмгекке аралашып жүрүп, табиятка болгон сүйүүм ойгонуп, көчөт өстүрүү мен үчүн жөн гана жумуш эмес, жашоомдун бир бөлүгүнө айланды.

– Күнүмдүк иш күнүңүз кандай башталат?

– Ар бир аял сыяктуу эле күнүм үй-бүлөмдөн башталат. Эртең менен үй-бүлөмө тамак даярдап, балдарымды мектепке, жолдошумду жумушка узатам. Андан кийин жумушка келип, питомниктеги көчөттөрдүн абалын карап чыгам. Кайсы көчөт кандай өсүп жатат, эмнеге муктаж – мунун баары күн сайын көзөмөлдө болот.

– Токай кызматынын директорунун милдетин аткаруучу болгончо питомник жетекчиси болгон экенсиз. Питомниктин жетекчисинин  негизги милдети кандай эле?

– Эң башкы милдет – сапаттуу көчөт өстүрүү болчу. Анткени токой чарбасынын негизги кирешеси көчөт сатуудан түшөт. Ошондой эле Талас облусундагы айыл аймактарды жашылдандыруу үчүн көчөт материалдарын даярдап берүү да биздин жоопкерчилигибизде. Ошондуктан ар бир көчөттү көздүн карегиндей сактап өстүрүүгө аракет кылабыз.

– Токой чарбасында аял катары иштөө кыйынчылык жаратпайбы?

– Бул тармакта кызматкерлердин басымдуу бөлүгү эркектер. Ошондуктан аял катары алардын арасында иштөө оңой эмес. Өзүңдүн билимиңди, жоопкерчилигиңди, ишке болгон мамилеңди күн сайын далилдеп турушуң керек. Бирок эмгекти сүйгөн адам үчүн тоскоолдук болбойт деп ойлойм.

– Эмгек жолуңуздагы эң оор учурлар болдубу?

– Алгачкы жылдар өзгөчө оор болду. 2004–2005-жылдары биздин ишкана беш токой чарбасынын отчетторун кабыл алган башкы мекеме болчу. Мен бардык маалыматтарды топтоп, эсептеп, мамлекеттик агенттикке жыйынтык отчет жөнөтчүмүн. Кээде таң атканча иштеген учурлар болгон. Ошондо чарчап, апама: «Иштебейм», – деп айтсам, ал: «Жумуштун жеңили болбойт, баарына чыдаш керек», – деп дем берчү. Апамдын ошол сөздөрү мени көп жолу алдыга сүрөдү.

– Эң чоң жетишкендигиңиз деп эмнени эсептейсиз?

– Биздин жамаат үчүн эң чоң жетишкендиктердин бири – 2018–2019-жылдары Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен 33 миллион сомдук долбоорду утуп алганыбыз болгон. Анын негизинде заманбап муздаткыч курулуп, жаңы техникалар алынды жана 142 гектар аянтка алма көчөттөрү отургузулду. Бул биздин ишибизди жаңы деңгээлге көтөргөн чоң долбоор болгон.

– Акыркы жылдары тармакта кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?

– Өзгөрүүлөр көп. Токойчулар үчүн жаңы кордон үйлөрү курулуп, техникалык база жаңыланууда. Питомниктерде жаңы сорттогу көчөттөр өстүрүлүп жатат. Бул иштердин баары токой чарбасынын өнүгүшүнө жакшы шарт түзүүдө.

– Президенттин «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында аткарылган иштер тууралуу айтып берсеңиз…

– Бул өнөктүк жаратылышты коргоо багытындагы эң маанилүү демилгелердин бири болду. Анын алкагында 2026-жылы Чоң-Кошой өрөөнүндө 100 гектар аянтка ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Бул долбоор мамлекеттик бюджеттен эмес, АДАПТ программасынын жана Таластагы «Алтын Альянс» компаниясынын колдоосу менен ишке ашырылды. Мындай кызматташтык жакшы жыйынтыктарды берип жатат.

– Көп жылдык эмгегиңиз кандай бааланды?

– Эмгегим үчүн Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы менен сыйландым. Ошондой эле «Жаратылышты коргоонун мыкты кызматкери», «Мамлекеттик токой сакчылыгына 10 жыл» жана «20 жыл» төш белгилеринин ээсимин. Мындан тышкары, Талас облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын Ардак грамоталары менен сыйландым.

– Үй-бүлө менен жооптуу кызматты айкалыштыруу кыйын эмеспи?

– Албетте, кээде оңой эмес. Бирок үй-бүлөнүн колдоосу чоң күч берет. Мен үч баланын энесимин. Үй-бүлөм менин эң чоң байлыгым. Алардын түшүнүүсү жана колдоосу ар бир жетишкендигиме дем берет.

– Жаш адистерге кандай кеңеш берет элеңиз?

– Эң биринчи кесибиңерди сүйгүлө. Эмгектенүүдөн коркпогула. Табиятка аяр мамиле кылып, ар бир көчөттү келечек үчүн отургузулган мурас катары көргүлө. Себеби бүгүн тигилген бир көчөт эртең миңдеген адамдарга пайдасын тийгизет.

 

– Жашоодогу негизги урааныңыз кандай?

– Менин жашоодогу негизги принципим – адамга бир гана жолу берилген өмүрдү татыктуу жашап өтүү. Өз ишиңди ак ниеттик менен аткарып, артында элге пайдасы тийген из калтыра алсаң  эң чоң бакыт ошол деп эсептейм.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X