Калысбек Шадыханов, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору: Протездердин баасы 50 миң сомдон 20 миң долларга чейин болот

27-июнь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 334

Кыргызстанда протезге жана ортопедиялык жардамга муктаж болгон миңдеген жарандар бар. Алардын жашоо сапатын жакшыртуу максатында Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар борборунда акыркы жылдары олуттуу жаңылануулар жүргүзүлүүдө. Борбордун директору Калысбек Шадыханов мекеменин бүгүнкү абалы, мамлекеттик колдоо, жаңы технологиялар жана келечектеги пландары тууралуу айтып берди.

Калысбек Токтосунович, сөзүбүздү Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар борборунун бүгүнкү абалы туурасында баштасак…
– Биздин мекеме 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согуш маалында негизделген экен. Алгач, госпиталь катары иштеп, кийинчерээк багыты өзгөрүп, бүгүнкү күндө протездик-ортопедиялык жардам көрсөтүүчү борбор катары кызмат кылууда.

Тилекке каршы, мекеме дээрлик 40 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтпөй, жаңы жабдуулар да алынган эмес экен. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, өкмөттүн колдоосу менен 2024-жылдан баштап оңдоп-түзөө иштери башталып, дээрлик бир топ жумуштар бүткөрүлүп, жетишпеген жабдуулар алынып келинүүдө. Мекемебиздин өндүрүш бөлүмүн жаңылоого араб инвесторлору чоң колдоо көрсөтүштү. Калган модернизациялоо иштери мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлүп жатат.

Мамлекет тарабынан жыл сайын бул тармакка канча каражат бөлүнөт?
– Мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшүп, колдоо жылдан-жылга күчөп жатат. Мисалы, үч жыл мурда борборго 60 миллион сом бөлүнсө, өткөн жылы бул көрсөткүч 123 миллион сомго жеткен. Мындан тышкары, жаңы жабдууларды сатып алууга жана оңдоо иштерине кошумча 100 миллион сом каралган.

Ал эми быйыл жалпы 155 миллион сом бөлүндү. Мындай деңгээлдеги мамлекеттик колдоо, мен билгени акыркы 40 жылда биринчи жолу болуп жатат десем жаңылышпайм.
Борборубуздагы баарыбызды сүйүндүргөн жаңылануулардын бири – бул Франциядан алынып келинген заманбап 3D-принтерлер болду. Алардын жардамы менен протездин адамдын денесине туура келген бөлүгүн сканерлеп, так көчүрмөсүн жасап чыгарабыз. Мурда бир протезди даярдоо үчүн 10–15 күн убакыт кетсе, азыр кайра иштеп чыгуу иштерин кошкондо, үч күндөн бир жуманын ичинде жумуштарды бүткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анын аркасында кол жумуштарыбыз да кыйла азайды.

Учурда жалпы өлкө боюнча протезге муктаж болгон канча жаран бар?
– Бүгүнкү күндө биздин каттоодо 13 миңден ашуун жаран турат. Алардын 3 миңге жакыны өздөрү протез колдонушат. Түштүк аймагында жалпысынан 5 миңге жакын жаран ар кандай багыттагы протезге муктаж. Биздин Ош шаарында дагы чакан өндүрүштүк филиалыбыз бар. Ал жерде протез даярдоо иштери жүргүзүлүп, бейтаптарды тейлөө кызматтары көрсөтүлөт. Бирок, реабилитациялык борбор жок болгондуктан, көпчүлүк бейтаптар Бишкекке келип 10 күндөн 1 айга чейин жатып дарыланып, протез жасатып кетишет. Бул кызматтардын баары мамлекет тарабынан акысыз көрсөтүлөт. Алдыда оңдоп-түзөө иштерибизди ошол түштүк аймагындагы филиалыбызда дагы жүргүзөлү деп пландап жатабыз.

Бейтаптар негизинен кандай себептерден улам протезге муктаж болуп калышат?
– Себептери ар кандай, айрымдары өндүрүштөгү кырсыктардан жаракат алышса, кээ бири оорунун кесепетинен жарасы күчөп кетип, колу же буту ампутацияланууга мажбур болушат. Жол кырсыгынан улам майып болуп калгандар дагы бар.  Акыркы жылдары кант диабети менен ооругандардын саны көбөйүп, дал ушул оорунун кесепетинен протезге муктаж болуп кайрылгандар көбөйүүдө.

– Баалары туурасында дагы айтсаңыз?
– Эми протездердин түрлөрү көп. Эң жөнөкөй протездин баасы орточо 50 миң сомдон башталат. Ал эми дүйнөлүк рынокто эң заманбап протездердин баасы 10 миңден 20 миң долларга чейин жетет. Азырынча мындай үлгүлөр бизде жок.

Бирок, 2024-жылдан тартып карбондук протездерди чыгара баштадык. Карбондук протездер – бул ампутация болгон адамдар үчүн заманбап, жогорку технологиялуу чечим. Карбондон жасалган ийкемдүү конструкциясынын жардамы менен адамдын табигый басуу кыймылын туурап, кадамдагы энергияны кайра кайтарып берет. Мындай протездер жеңил, бекем, 150 килограммга чейин жүктү көтөрө алат. Алар басууга, чуркоого жана спорт менен машыгууга ыңгайлуу болуп, кыймыл эркиндигин жана туруктуулукту камсыздайт

– Сиздердин борбордо канча кызматкер эмгектенет?
– Жалпы 159 кызматкерибиз бар. Алардын 42си Ош шаарындагы өндүрүштө иштешет. Өзгөчө белгилеп кетчү жагдай, ошол Ош филиалыбыздагы биздин 18 кызматкер, өздөрү протез колдонгон жарандар. Негизинен, өндүрүштө иштегендердин арасында протез кийген адамдар көп. Кызматкерлердин орточо жаш курагы 45–50 жашты түзөт. Буга чейин КМШ мамлекеттеринин дээрлик баарында мамлекеттик протез заводдору бар болчу. Азыр болсо мындай мамлекеттик өндүрүштөр негизинен Беларусия менен Кыргызстанда гана сакталып калды. Көпчүлүк өлкөлөр бул кызматтарды жеке компаниялар аркылуу көрсөтүшөт.

Биз болсо, Эмгек министрлигинин карамагында иштеп, протезге муктаж жарандарга акысыз кызмат көрсөтүп келебиз.
Мындан тышкары, атайын ортопедиялык бут кийимдерди да тигебиз. Протез колдонгон же май таман жарандар үчүн ден соолукка ылайыкташкан бут кийимдер абдан маанилүү. Учурда мындай кызматтан 13 миңге жакын майыптыгы бар жаран пайдаланып жатат. Борборго келе албаган адамдар үчүн биздин кызматкерлер, жерине барып өлчөмдөрүн алып, бут кийим тигип беришет.

– Кызматкерлердин маянасы жакшы эле болсо керек?
– Буга чейин кадр тартыштыгы олуттуу маселе болчу. Анткени, айлык акы 20–25 миң сомдун тегерегинде эле. Ошол учурда Россияда ушул кесиптин өкүлдөрү 200 миң рублга чейин айлык-акы алышчу. Президентибиз Садыр Жапаровдун колдоосу менен социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлгөндөн кийин, биздин кызматкерлердин да айлыгы эки эсеге өстү. Азыр алардын айлык маянасы 80 миңден 100 миң сомго чейин жетип жатат. Бул чоң стимул болуп, кызматкерлердин жумушка болгон кызыгуусун арттырууда.

Адистерди даярдоо маселеси кандай чечилип жатат?
– Бир адисти даярдоо үчүн көп убакыт талап кылынат. Ошондуктан, биз атайын окутуу борборун ачканбыз. Ал жерге Россиядан жана Беларусия өлкөсүнөн тажрыйбалуу мугалимдерди чакырып, окууларды өткөрүп жатабыз.

Ошол эле учурда биздин адистер Россияга, Беларусияга барып билим алып келишет. Германия менен да тажрыйба алмашуу программаларын жүргүзүп келе жатабыз.

Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X