Каныбек Осмоналиев, профессор: Окуучунун карды ток болсо, билим алууга болгон табити да ачылат
Президент Садыр Жапаровдун мектеп окуучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн каражатты көбөйтүү боюнча чечими коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Аталган демилгенин мааниси, мектеп тамактандыруудагы көйгөйлөр жана балдардын ден соолугун чыңдоодогу ролу тууралуу профессор Каныбек Осмоналиев менен баарлаштык.
—Президент Садыр Жапаровдун окуучулардын бир күндүк тамак-ашына бөлүнгөн каражатты 40 сомго чейин көбөйтүү чечими балдардын ден соолугун чыңдоого жана келечек муундун сапаттуу өсүп-өнүгүшүнө кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
– Президент Садыр Жапаров мектеп окуучуларынын ал-ахыбалын жакшыртуунун үстүндө тынымсыз камкордук көрүп келе жатат. Акыркы беш жылда мектеп инфраструктураларын заманбап деңгээлге көтөрүүдө алгылыктуу иштер аткарылганын көрүп жатабыз. Бул эң жакшы жөрөлгө. Эми, албетте, жалпы билим берүү процессинин эң башкы субъекттери болгон окуучу менен мугалимдин статусун жогорулатуу башкы маселе болуп эсептелет.
Убагында мектеп окуучуларына ысык тамак берүү демилгеси туура көтөрүлгөн. Мен министр катары ошол процесстин негизги аткаруучуларынын бири болуп, бул ишке абдан катуу киришкенбиз. Бирок каржы маселеси толук ойлонулбай туруп жергиликтүү айыл өкмөттөрүнө берилген болчу. Балким, ал да туура болгондур. Бирок көпчүлүк аткаруучулар ошондой ыйык маселеден дагы жеке баюунун жолун издешип, иш-чараны кайдагы бир мыкчыгер жана шылуун “ишкерлерге” кармата салышып, жакшы демилгени өлтүрүшкөн.
Андай шүдүңгүттөр айыл өкмөтү менен мектеп жетекчилерин “арбап алышып”, ансыз деле аз каражатты туш келди чачышып, балдарга бериле турган тамакты “чай менен катуу нан” абалына чейин түшүрүшкөн. Мындай жагдайды ачык айтып чыккандар (мен өзүм дагы) түрдүү куугунтуктарга кабылышкан.
Андан бери бул керектүү демилге илең-салаң эле иштеп келди. Жаратканга шүгүр дейли, эми Президент бул каражатты ар бир окуучу үчүн 40 сомго чейин көтөртүп жатат. Чын жүрөктөн ыраазы бололу. Бирок жергиликтүү бийлик менен мектеп жетекчилери бул маанилүү ишти дагы өз пайдаларына чечип кетишпейби деген санаркоом бар. Анткени Президент канчалык аракет кылбасын, көптөгөн жетекчилер кайдыгерлик менен саботаж кылып келишкендиги жашыруун деле эмес.
Албетте, жакшы тилек менен үмүт кылалы. Ал үчүн ортодогу арамзаларды аёосуз түрдө жазалап, мектепке берилүүчү тамак-аш каражаттарын катуу тартип менен көзөмөлгө алуу керек деп ойлоймун. Окуучунун карды ток болсо, эмне, жаманбы? Мындай камкордук баланын физиологиялык өсүшүнө жана билим алууга болгон табитинин ачылышына алып келет. Демек, өлкөнүн келечеги жөнүндө камкордук көрүлүп жатат. Балдарыбыздын келечеги үчүн жан үрөп жардам көрсөтөлү. Менимче, президенттин деле ою ушундай. Коомчулуктун колдоосуна таянып жатат.
– Жаңы каржылоо ченеми киргизилгенден кийин мектептердин менюсунда кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Окуучулардын рационуна кайсы азыктар көбүрөөк кошулат?
– СССРдин учурунда мектеп ашканалары үчүн илимий негизделген кулинардык рецепттер катуу көзөмөл менен каралчу. Санэпидстанция деген “кароолчу” аёосуз чаралары менен процессти жөнгө салып турчу. Тилекке каршы, азыр андай иштер аткарылбай калбадыбы.
Менимче, айыл округдарынын башчылары менен мектеп жетекчилери бул ишти чогуу колго алып аткаруулары кажет. Мектеп ашканасынын менюсу ар дайым көзөмөлгө алынып турушу абзел. Тамактын рационун тынымсыз текшерип туруу зарыл. Тазалык менен гигиенаны айтпай эле коёюн. Алар балдарга болгон ыйык мамиленин негизги бөлүгү.
Ар бир балага бөлүнгөн 40 сомду уурдабай, сарамжалдуу колдонушса, толугу менен жетет. Ошондой эле жыл сайын инфляциялык коэффициенттер каралып турушу зарыл. Мектеп ашканасындагы балдардын рациону абдан маанилүү. Жергиликтүү бийлик өз резервинен да кол кабыш кылып турушат го деген үмүт бар. Эгер андай камкордукту каалашпаса, мыйзам чегинде мажбурлап деле койсо болот.
– Аймактардагы мектептердин тамактануу шарттары ар кандай экени белгилүү. Бул чечим шаар менен айыл мектептеринин ортосундагы айырмачылыктарды канчалык деңгээлде жоюуга жардам берет?
– Ооба, реалдуу шартта айыл менен шаардын айырмасы асман менен жердей. Анын үстүнө эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында ошол кездеги бийликтин өндүрүш менен айыл чарбасын мыкаачылык менен талкалап салганынын азабынан өлкөдө ички миграция укмуш күчөп, айылдыктар шаарларга агылып кетишпедиби. Айыл деградацияланып, азык-түлүк менен камсыз кылуу феномени нөлгө түштү. Импорттук, жасалма жана зыяндуу тамак-аштарга көз каранды болуп отуруп калдык. Бул – ошол кездеги бийликтердин өз элине кылган чыккынчылыгы болду.
Эми абал акырындык менен оңолуп келе жатат. Бирок дагы эле азаптуу көрүнүштөр толтура. «Аалам айылдан башталат» деп ооз көптүргөнүбүз менен, борбордук жана жергиликтүү бюрократия айыл менен шаардын ортосундагы айырмачылыктарды жоюунун үстүндө алгылыктуу иштерди толук кандуу аткара албай келүүдө.
Мектеп тамактандыруу саясаты деле ушул азаптан чыга албай келет. Агартуу министрлиги менен облустук, райондук жана жергиликтүү бийликтердин мектеп тамагы боюнча биргелешкен ийгиликтүү иш алып барууларын көргөн жокпуз. Ар кимиси өз кызыкчылыктарын көкөлөтүп, ойду-тоону сүйлөп, псевдореформалардын кулу болуп эле жүрүшөт. Катуу тартип, көзөмөл жана мыйзам бузгандарды аёосуз жазалоо убактысы келди.
Чынайым Кутманалиева