Адылбек Касымалиев юристтерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн юристтерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу юристтер жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү! 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Юристтер күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттин жана коомдук мамилелердин динамикалык өнүгүү шарттарында юридикалык кесип өзгөчө мааниге ээ болот. Бүгүнкү күндө юристтер укук колдонуу процессинин катышуучулары гана эмес, мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүгө, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун бекемдөөгө жана укуктук институттардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформаларды активдүү жүргүзүүчүлөр болуп саналат.

Бүгүнкү күндө юридикалык коомчулуктун алдында мыйзамдарды өркүндөтүү, укук колдонуу практикасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана коомдун мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин бекемдөө менен байланышкан жооптуу милдеттер турат. Укуктук тутумдун туруктуулугу, жарандардын жана мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өлкөнүн туруктуу өнүгүшү сиздердин кесипкөйлүгүңүздөн, принципиалдуулугуңуздан жана тандалган ишке берилгендигиңизден көз каранды.

Сиздер күнүмдүк эмгегиңиздер менен мыйзамдуулукту камсыз кылууга, жогорку укуктук маданиятты калыптандырууга жана адилеттүүлүк принциптерин бекитүүгө олуттуу салым кошуп жатасыздар. Кесиптик милдетке берилгендик, терең билим жана ишке жоопкерчиликтүү мамиле чын жүрөктөн урматтоого жана жогору баалоого татыктуу.

Өз ишмердигин мыйзамга кызмат кылууга, адам укуктарын коргоого жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө арнагандарга ыраазычылык билдирем. Юридикалык коомчулук мындан ары да демократиялык институттарды өнүктүрүүгө, укуктук системаны өркүндөтүүгө жана коомдук туруктуулукту камсыз кылууга татыктуу салымын кошот деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бакубатчылык, кесиптик ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана алдыга койгон максаттарды ишке ашырууну каалайм. Сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр ар дайым мамлекеттин, коомдун жана ар бир жарандын кызыкчылыгына кызмат кылсын.

Майрамыңыздар менен! Юристтер күнү менен!»

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X