Башкы прокуратура менен бизнес өкүлдөрү достук футбол турнирин өткөрдү

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы бизнес-ассоциациялар жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин алкагында достук футбол турнирин өткөрдү.

Спорттук иш-чара мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы ачык диалогду, өз ара ишенимди жана өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө багытталды. Ошондой эле сергек жашоо образын жайылтуу жана кесиптештер ортосундагы ынтымакты чыңдоо максатын көздөдү.Возможно, это изображение текст "ФУТБОЛ БОЮНЧА ДОстУК УРНИРИ Вноитоштук ишеним, сергек жашоо! ынь Асы ЕККУ иясы ТОВАРИЩЕСКИЙ ТУРНИР по ФУТБОЛУ Запартнерство, доварие, элеровый обра жизии! КУЧТУУ 베밀다산블 ДИАЛОГ БАЗМАГТАШТ TTAIL тыкТЬнЕгиЗΗ КЫРГЬЗС сБСЕ АССОЦИ АССОЩИАНИИ БИЗНЕС АССОЦИАЦИИ த் аплод"

Турнирге Башкы прокуратуранын, бизнес-ассоциациялардын жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин командалары катышып, оюндар жогорку маанайда жана достук шартта өттү. Катышуучулар мындай форматтагы иш-чаралар мамлекеттик органдар менен жеке сектордун өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташууну бекемдеп, ишенимдүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.Возможно, это изображение баскетбол и текст

Мелдештин жыйынтыгында бардык командаларга эстелик белектер тапшырылып, тараптар мындан ары да биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X