Мигранттарды мекенге кайткандан кийинки колдоо механизмдери каралды
2026-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү.
Жыйындын жүрүшүндө 2026–2030-жылдарга каралган кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруу маселелери каралды.
Катышуучулар мигранттардын мекенине кайтып келгенден кийинки социалдык жана экономикалык адаптациясын камсыз кылуу, аларга колдоо көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча сунуштарды талкуулашты.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун иши кайтып келген жарандарды колдоого багытталган иш-чараларды натыйжалуу уюштурууга жана реинтеграциялоо процессин жакшыртууга багытталат.