35 миллион сомго тартылган «Дарыгер» сериалынын бет ачары болду
Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында мамлекеттик колдоо менен тартылган «Дарыгер» көркөм сериалынын бет ачар аземи өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов катышты.
Аземде сөз сүйлөгөн Мирбек Мамбеталиев сериал медицина кызматкерлеринин жоопкерчиликтүү жана талыкпас эмгегин көркөм чагылдырган маанилүү чыгарма экенин белгиледи. Ал ошондой эле акыркы жылдары Садыр Жапаров жетектеген мамлекеттик саясаттын алкагында кино тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоонун аркасында сапаттуу жана мазмундуу улуттук тасмаларды жаратууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты.
«Дарыгер» сериалы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин эксперттик кеңешинин чечими менен мамлекеттик колдоого алынган. Долбоорду ишке ашырууга 2025-жылы республикалык бюджеттен 35 миллион сом бөлүнүп, анын негизинде 10 сериялуу көркөм сериал тартылган.
Сериалда дарыгерлердин адам өмүрүн сактоодогу күрөшү, кесипке болгон берилгендиги жана күнүмдүк жоопкерчилиги көркөм баяндалат.
Иш-чаранын соңунда сериалдын чыгармачыл жамаатына, продюсерлерине жана долбоордун ишке ашуусуна салым кошкон бардык өкүлдөргө ыраазычылык билдирилип, «Дарыгер» көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, улуттук кино өнөрүнүн өнүгүшүнө өз салымын кошору белгиленди.