Съездбек Таштакеев, шахмат машыктыруучусу: Шахматты мамлекеттик колдоого алганы туура чечим болду

Жакында Мамлекет башчысы Садыр Жапаров “2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын чыгарды. Жарлыктын алкагында Министрлер Кабинети, Кыргыз Шахмат Союзу менен биргеликте 1-сентябрга чейин шахматты өнүктүрүүнүн улуттук программасынын долбоорун даярдоо, шахматты өнүктүрүү фондун түзүү камтылды. Мындан тышкары өлкө ичиндеги 500 мектептин 3–5-класстарынын окуучулары үчүн пилоттук негизде шахматты кошумча предметтик сабак катары киргизүүнү тапшырды. Бул багытта биз адис, белгилүү шахмат машыктыруучусу Съездбек Таштакеевден шахмат тууралуу, анын тегерегиндеги маселелер боюнча маектештик.

– Съездбек мырза, өлкөдө шахматты өнүктүрүү боюнча ири иштер башталды. Сиз машыктыруучу, шахматчыларды тарбиялаган адис катары айтсаңыз, улуттук программага эмнелер камтылса дейсиз?
– Кыргызстанда акыркы айларда спорттун шахмат түрүн өнүктүрүү боюнча маанилүү демилге, аракеттер көрүлүп жатканы абдан кубандырат. Бул тармакта көптөгөн чечилбей келе жаткан маселелер бар. Бул багытты Өлкө башчысы Садыр Жапаров өз колдоосуна алганы, атайын Жарлыктын чыгуусу абдан маанилүү чечим болду. Биздин Президент аталган жаңы чечимдерди кабыл алуу менен келечектин камын көрүүнү баштады деп айта алам. Анын бул колдоосу жерде калбайт, себеби бул тармакта көптөгөн мыкты жаштарыбыз эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргошоруна ишенем. Азыркы аракеттер, өз жемишин берип, билимдүү, сергек муундун өсүп жетилүүсүн камсыздайт. Эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү чыгат. Ал эми улуттук программага мектептердин башталгыч класстары үчүн шахматты предметтик сабак катары киргизүү, машыктыруучу, адистерди даярдоо камтылса дейм. Негизги көйгөй материалдык-техникалык базаны жаңылоо зарыл. Анткени, мелдеш өткөрө турган имарат жок. Шахмат академиясы курулса, балдар жакшы шарттарда машыкса, биздин өлкөдө да эл аралык мелдештер өтсө, жаштар жаңы дем, күч алышмак.

– Негизи эле Кыргызстанда шахмат оюнунун деңгээли, бул оюнга жарандардын кызыгуусу кандай?
– Шахматты аймактарга жайылтууну колго алуу керек. Анткени, тээ алыскы айыл аймактарыбызда канчалаган таланттуу шахматка кызыккан жаштардан уучубуз куру эмес. Ал эми машыктыруучулар жетишсиз. Мамлекеттен колдоо алган спортчу сөзсүз ийгиликке, чоң жеңишти багындыра алат. Акыркы жылдары шахматка кызыгуу көбөйдү. Бул оюн балдардын логикалык ой жүгүртүүсүнө оң таасирин тийгизерине ата-энелер да жакшы түшүнө баштады. Коомубузда өзгөчө баласын ийримдерге жетелеген, убакыт, каражатын тапкан жарандар арбып баратат. Бул жакшы көрүнүш. Балдар эртеңки келечек деп бекер айтылбаса керек.

– Шахматты үйрөнүү канча убакытты талап кылат?
– Шахматты бир нече айда эле үйрөнүп алса болот. Ал эми чоң жетишкендиктерге жетиш үчүн үзгүлтүксүз машыгуу зарыл. Шахматты үйрөнүү ар бир баланын мүмкүнчүлүгү, кабыл алуусуна да байланыштуу болот. Бирок, шахматты үйрөнүү орточо 6 айдан 1 жылга чейинки убакытты талап кылат.

– Баланын жаш курагы шахматка мамилесин өзгөртөбү же андай эмеспи?
– Балдардын оюнга мамилеси жаш курагына жараша өзгөрөт. Бул нерсе өз практикаман өткөн. Мисалы, бала 5-6 жашында оюнга кызыгуусу күч болсо, айрым балдардын өткөөл курагында өзгөрүүлөр байкалат. Бала шахматка канчалык эрте келсе, ошончо бат үйрөнөт. Шахмат ошол эле учурда бардык курактагы адамдар үчүн керектүү, кызыктуу спорттун түрү.

– Шахмат адамды эмнеге тарбиялайт?
– Спорттун бул түрү адамды тартипке тарбиялайт. Чыдамкайлык, туура чечим чыгарууга багыттайт. Шахмат – балдардын акылын, сабырын өнүктүргөн интеллектуалдык оюн. Шахмат–искусство деп да аталат.

– Биз билгени сиздин үй-бүлө көп жылдан бери жаш шахматчыларды тарбиялап келет, балдарыңыз мелдештерде өлкө намысын коргоп келишет. Көп жылдык мээнетиңиздердин акыбети же мамлекеттен кандайдыр бир колдоолорду аласызбы? Бүгүн жалпы канча балаңыз шахмат ойнойт?
– Биздин үй-бүлөнү шахматчылардын үй-бүлөсү дешет. Биздин 5 эркек 4 кызыбыз бар. 9у тең шахмат менен машыгат. Байгелүү орундардын ээси. Уулум Руслан Азиянын 4 жолку чемпиону, кызым Айжан Азиянын 6 жолку жеңүүчүсү жана Кыргызстандын шахмат тарыхында классикалык шахматтан алгачкы алтын байгени 8 жашында багындырган. Кызым азыр 15ке чыкты. Балдарым күндө машыгат, алдыда жаңы жеңиштерди багындырабыз деген ишеничтери чоң. Апасы экөөбүз колдоп, тарбиябызды берип келатабыз. Ооба, мамлекеттен айрым колдоолор көрсөтүлүп келет. Бирок, шахматка башка спорттун түрлөрүндөй эле колдоо, каржылоо көбөйсө, жаштарга дагы да дем болмок. Айрым шахматчылар каржынын тартыштыгынан эл аралык мелдештерге катыша албай калышат. Жакында Кыргызстандын Шахмат союзуна жаңы, билимдүү, тажрыйбалуу жаңы жетекчи келди. Эми шахматта жаңы иштер болоруна ишеним чоң.

Мээрим Бактыбек кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X