Замир Айылчыев, эксперт: IT тармагы Кыргызстан үчүн келечектүү жана эң кирешелүү багыттардын бири

Кыргызстан санариптик өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштап, жакынкы күздө “Мектеп 21 – санариптик технологиялар мектеби” долбоорун ишке киргизүүгө даярданып жатат. Мамлекет башчысынын демилгеси жана Министрлер Кабинетинин токтому менен ишке ашып жаткан бул долбоор жарандарга акысыз IT билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, аларды заманбап технологиялардын талаптарына жооп берген жогорку квалификациялуу адистерге айлантууну көздөйт. Өлкөнүн санариптик келечегине жаңы дем берүүгө багытталган бул маанилүү демилге, IT тармагынын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана санариптик экономиканын артыкчылыктары тууралуу билим берүү тармагындагы эксперт Замир Айылчыев менен маектештик.

Замир Айылчыевич, күзүндө ишке кире турган «Мектеп 21» долбоору санариптик билим берүүнү өнүктүрүп, IT тармагына адистерди даярдоодо кандай роль ойнойт деп ойлойсуз?
— Азыр дүйнө санариптик экономикага өтүүдө. Кыргызстан дагы бул процесстен четте калган жок. Өлкөдө IT адистерине болгон суроо-талап жылдан-жылга өсүүдө. Акыркы 12 жылдын ичинде эле Кыргызстандагы IT тармагы экономикага 40 миллиард сомдон ашык киреше алып келген. Ал эми Жогорку технологиялар паркына мүчө компаниялар 2024-жылы 11,4 миллиард сомдук киреше тапкан, анын 93 пайыздан ашыгы экспорттон түшкөн. Бул көрсөткүчтөр IT тармагы Кыргызстан үчүн келечектүү жана кирешелүү багыт экенин далилдеп турат. Бирок, азыркы күндө өлкөдө 16 миңге жакын гана IT адиси эмгектенет. Санариптик кызматтарга болгон талап өсүп жаткан шартта бул жетишсиз.

Ошондуктан, «Мектеп 21» сыяктуу долбоорлор жаштарды гана эмес, орто жана улуу муундун өкүлдөрүн да программалоо, маалыматтык технологиялар жана санариптик көндүмдөр боюнча даярдоодо маанилүү роль ойнойт. Бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жарандардын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн санариптик экономикасынын өсүшүнө олуттуу салым кошот. Эгер долбоор ийгиликтүү ишке ашса, Кыргызстан келечекте Борбор Азиядагы гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги IT борборлордун бирине айланууга мүмкүнчүлүк алат.

Кыргызстанды региондогу IT борборго айлантуу үчүн мамлекеттик жана жеке сектордун колдоосу кандай деңгээлде болушу керек?
— Бул максатка жетүү үчүн мамлекеттик да, жеке сектордун да салымы бирдей маанилүү. Дүйнөлүк тажрыйба буга жакшы мисал боло алат.
Мисалы, АКШдагы Кремний өрөөнү (Silicon Valley) мурда айыл чарбасы өнүккөн аймак болсо, бүгүн дүйнөлүк технология борборуна айланган. Мамлекет заманбап инфраструктура түзүп, мыйзамдарды жөнөкөйлөтүп, салыктык жеңилдиктерди камсыздашы жакшы жышаан. Ал эми жеке сектор инвестиция тартып, заманбап технологияларды алып келип, күчтүү адистерди даярдоого көңүл бурушу зарыл.

Жакынкы мисал катары Эстонияны айтсак болот. Калкы аз болгонуна карабастан, ал дүйнөдөгү эң санариптешкен мамлекеттердин бири болуп калды. Электрондук өкмөт системасын түзүп, коррупцияны кыйла азайтты. Санариптик чечимдер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатып, чет элдик инвесторлордун ишенимин арттырды. Кыргызстанда дагы «Түндүк» сыяктуу платформалар мамлекеттик кызматтарды жеңилдетип, ачык-айкындуулукту камсыздап жатат. Демек, биздин өлкөнүн дагы потенциалы чоң. Болгону мамлекеттик жана жеке сектор биргелешип иш алып барышы керек.

— Санариптик экономика өнүгүп жаткан шартта «Мектеп 21» долбоору жаштардын, орто жана улуу муундун кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн канчалык кеңейтет?
— Көпчүлүк бул долбоор жаштар үчүн гана деп ойлошу мүмкүн. Бирок, менин оюмча, ал бардык муундар үчүн пайдалуу. Азыр дүйнө тездик менен өзгөрүп жатат. Бир катар кесиптер жоголуп, алардын ордуна жаңы адистиктер пайда болууда. Банктардагы, соода тармагындагы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөгү санариптештирүү буга айкын мисал.
«Мектеп 21» дүйнөгө белгилүү француздардын 42 Network билим берүү системасына окшош түзүлгөн. Бул жерде салттуу окутуу форматы жок. Ар бир катышуучу өз алдынча изденип, бири-биринен үйрөнүү аркылуу билим алат. Мындай ыкма чыгармачыл ой жүгүртүүнү, көйгөйдү чечүү жөндөмүн жана командалык иштөөнү өнүктүрөт. Бүгүнкү күндө жаңы технологияларды өздөштүрүү замандын талабы болуп калды. Президент Садыр Жапаров дагы мамлекеттик башкарууда кагаз жүгүртүүнү азайтып, инновациялык технологияларды кеңири колдонууга өзгөчө көңүл буруп жатат. Санариптик чечимдер адам факторун азайтып, коррупциянын алдын алууга жана мамлекеттик башкаруунун ачык-айкын болушуна жардам берет. Ошондуктан бул долбоор жаңы кесип өздөштүрүүнү каалагандар үчүн дагы чоң мүмкүнчүлүк ачат.

«Мектеп 21» мамлекетке экономикалык жактан кандай кайтарым бере алат?
— Албетте, жакшы кайтарым берет. Болгону долбоордун сапатына жана натыйжалуулугуна туруктуу көзөмөл болушу керек. Эгер бул мектептен чыккан адистер дүйнөлүк деңгээлдеги стартаптарды түзүп, эл аралык компаниялардын кызыгуусун жаратса, мамлекетке чоң экономикалык пайда келет. Мисалы, Индия бүгүн дүйнөдөгү эң ири IT кадрларын даярдоочу өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Microsoft, Google жана башка дүйнөлүк технологиялык компанияларда эмгектенген миңдеген адистер дал ушул өлкөдөн чыккан. Кыргызстан дагы ушул жолду тандай алат. Стартаптар көбөйүп, жаңы компаниялар түзүлсө, мамлекетке салык түшөт, жаңы жумуш орундар ачылат жана каражат өлкөнүн ичинде калат.

— IT адистеринин көбөйүшү санариптик экономиканын өнүгүшүнө кандай таасир этет?
— IT адистеринин көбөйүшү санариптик экономиканын өсүшүнө түздөн-түз таасир этет. Бул жарандардын жашоосун жеңилдетет, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртат жана Кыргызстанды заманбап мамлекет катары дүйнөгө таанытат. Туристтерге, инвесторлорго жана чет өлкөлүк жарандарга мамлекеттик кызматтарды онлайн алуу да кыйла ыңгайлуу
болот.

Дүйнөдө буга мисалдар көп. Маселен, Руанда акыркы жылдары билим берүү жана санариптик технологияларга ири инвестиция салып, мектеп окуучуларын заманбап технологияларга үйрөтүү аркылуу экономикасын өнүктүрүүгө жетишти. Биз дагы билимге, өзгөчө IT тармагындагы кадрларды даярдоого көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Анткени, күчтүү кадрлар мамлекеттин эң чоң байлыгы. Президенттин бул багыттагы демилгелерин колдойм. Бирок долбоорлорду кабыл алуу менен эле чектелбестен, таланттуу жаштарды мамлекеттик башкарууга тартуу зарыл. Тааныш-билишчилик эмес, билимге, жөндөмгө жана мекенчилдикке таянган меритократиялык система күчөшү керек.
Жаштарга мүмкүнчүлүк берилсе, жаңы идеялар, инновациялар жана жаңы технологиялар жаралат. Мен Кыргызстан IT тармагында чоң ийгиликтерге жетип, жаңы өнүгүү жолуна түшөт деп ишенем.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X