«Tez Jetтин» учактарынын каттамдары убактылуу токтотулду

7-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 173

Бүгүн, 7-июлда, «Манас» эл аралык аэропортунда Tez Jet авиакомпаниясынын Бишкек–Ош каттамына учууга даярданып жаткан учагында техникалык мүчүлүштүк болду. Окуядан эч ким жабыркаган жок. Бирок коопсуздук максатында авиакомпаниянын бардык учактарынын каттамдары текшерүү аяктаганга чейин убактылуу токтотулду.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Tez Jet авиакомпаниясына таандык MD-83 үлгүсүндөгү учак Бишкек–Ош багыты боюнча учууга даярданып жаткан учурда сол жактагы негизги шасси тирөөчү бүгүлүп кеткен. Окуя учак конуу-учуу тилкесине чыгып, учууга чейинки даярдык көрүлүп жаткан маалда болгон.

Экипаж учакты дароо токтотуп, коопсуздук талаптарына ылайык бардык зарыл аракеттерди көргөн.

Учактын бортунда 163 жүргүнчү болгон. Жүргүнчүлөрдүн жана экипаж мүчөлөрүнүн арасында жабыркагандар жок.

Окуянын себептерин аныктоо үчүн расмий иликтөө башталды. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги иликтөө аяктаганга чейин такталбаган маалыматтарды таратпоого жана шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырды.

Учурда тиешелүү кызматтар учакты конуу-учуу тилкесинен эвакуациялоо иштерин жүргүзүп жатышат. Буга байланыштуу «Манас» эл аралык аэропортунда айрым каттамдардын учуу жана конуу убактысы кечигиши мүмкүн.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кырдаал көзөмөлдө экенин билдирип, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин маалымдады.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X