Баткенде «Берекелүү аймак» долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды
Баткенде «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү (Берекелүү аймак)» долбоорунун жыйынтыгы чыгарылып, кызматташуунун жаңы багыттары талкууланды.
Бул тууралуу Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка караганда, облус башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев «Гуд Нейборс Интернешнл» эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын жетекчиси Вон Ил Хёнг менен жолугушту.
Жолугушууда Баткен жана Кадамжай райондорундагы 12 айылда ишке ашырылган «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү (Берекелүү аймак)» долбоорунун жыйынтыктары талданып, мындан аркы кызматташтыктын багыттары каралды.
Долбоор Баткен районунун Алтын-Бешик айыл аймагындагы Сары-Талаа, Төрт-Күл айыл аймагындагы Жаңы-Жер жана Чек, Суу-Башы айыл аймагындагы Кара-Булак, Бужум айылдарында, ошондой эле Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагындагы Кара-Дөбө, Алыш, Кожо жана Орозбеков айыл аймагындагы Орозбеков, Күлдү, Учкун айылдарында ишке ашырылган.
Долбоордун алкагында айылдарда өнүктүрүү борборлору курулуп, социалдык жана инженердик инфраструктураны жакшыртууга багытталган бир катар иштер аткарылган.
Ошондой эле Баткен районунун Төрт-Күл айыл аймагында айыл чарба продукцияларын сактоого ылайыкталган сыйымдуулугу 500 тонналык заманбап муздаткыч кампа ишке берилген. Кампа өрүк, алма жана кулпунайды сактоо үчүн пайдаланылууда.
Мындан тышкары, айылдарда коомдук бирикмелер түзүлүп, фермерлерге микрокредиттер берилип, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калктын кирешесин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Абдирашит Ташбалтаев долбоор чек ара аймактарындагы калктын жашоо шартын жакшыртууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле аялдар менен жаштардын коомдук активдүүлүгүн арттырууга олуттуу салым кошконун белгиледи.
Ал долбоорду колдогон Корея Республикасынын Өкмөтүнө, KOICA агенттигине жана «Гуд Нейборс Интернешнл» уюмуна ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.