Кыргызстан Нью-Йорктогу өкүлчүлүгүн эки эсеге көбөйтөт
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги ишине даярдык көрүү үчүн Нью-Йорктогу туруктуу өкүлчүлүгүнүн курамын көбөйтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, учурда өкүлчүлүктө 9 дипломат иштеп жатса, жакын арада алардын саны 18ге жетет. Мындан тышкары, Нью-Йоркко дагы 10 кызматкер жөнөтүлөт.
Кыргыз дипломаттары БУУнун Коопсуздук кеңешине жаңы мүчө болгон өлкөлөр үчүн уюштурулган атайын окуу программасына катышат. Кыргызстан 2027-жылдын 1-январынан тарта кеңештин ишине толук кандуу киришет.