Инвесторлор «Ала-Тоо Резорт» долбоору боюнча сунуштарын айтышты
Бишкекте «Ала-Тоо Резорт» долбоору потенциалдуу инвесторлорго тааныштырылды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга «Ала-Тоо Резорт» ААКтын жетекчилиги, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле потенциалдуу инвесторлор катышты.
Иш-чарада төрт мезгилде тең иштей турган курорттук шаарчаны куруу долбоору жана аны ишке ашыруунун кийинки этаптары тууралуу маалымат берилди. Катышуучуларга суу жана электр тармактарын тартуу, инженердик инфраструктураны даярдоо жана объектилерди долбоорлоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тааныштырылды.
Жолугушунун жүрүшүндө инвесторлор өз сунуштарын да билдиришти. Татарстандык инвестор Илназ Абдуллин курорттун архитектуралык чечимдерине байланыштуу сунуштарын айтты. Lumicon – Lighting Design Studio компаниясынын директору Василий Тарасенко жарыктандыруу боюнча башкы концепцияны сунуштаса, «Про Фокус Групп» компаниясынын өкүлү Нурай Бакасова чыгымдарды оптималдаштыруу жана сатып алууларды натыйжалуу уюштуруу боюнча баяндама жасады.
Жыйындын соңунда тараптар суроо-жооп форматында пикир алышып, сунуштарды жана мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.