Айбек Джунушалиев жаңы конуштардын тургундары менен жолукту

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 182

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 16-июлда «Ак-Ордо», «Ала-Тоо» жана «Арча-Бешик» конуштарынын тургундары менен жолугушуп, инфраструктуралык жана жер маселелерин жеринде талкуулады.

Жолугушууларга шаардык кызматтардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышты.

«Ак-Ордо» жана «Ала-Тоо» конуштарынын жашоочулары канализация жана суу түтүктөрүн куруу, жаратылыш газын жеткирүү, тротуарларды жана жолдорду куруу, коомдук транспорттун каттамдарын жакшыртуу, социалдык объектилерди өнүктүрүү жана жер маселелерине байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Мэрдин айтымында, жаңы конуштардагы инженердик тармактардын көпчүлүгү мурда тургундардын өз күчү менен курулгандыктан, бүгүнкү күндө алардын иштешинде бир катар көйгөйлөр жаралууда. Бул маселелерди чечүү үчүн муниципалитет инфраструктураны системалуу өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жатат.

Айбек Джунушалиев билдиргендей, быйыл борбор калаадагы бардык жаңы конуштар үчүн суу менен камсыздоо жана канализация системаларын куруу боюнча долбоорлор даярдалып, кийинчерээк алар этап-этабы менен ишке ашырылат. Андан соң жолдорду жана тротуарларды куруу иштери жүргүзүлөт.Возможно, это изображение один или несколько человек и толпа

Мэр ошондой эле тургундардын кайрылуусунун негизинде «Ала-Тоо» конушундагы талаштуу жер тилкесин жеринде көрүп чыкты. Анда мурда курулган турак үйлөрдүн айынан башкы планда каралган жолду ачуу мүмкүн эместиги аныкталды. Тиешелүү кызматтарга мыйзамдуу чечимдерди иштеп чыгып, тургундардын укуктарын камсыздоо, зарыл болсо турак жай маселесин кароо жана жолду ачуу боюнча сунуштарды даярдоо тапшырылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн бардык маселелер шаардык кызматтардын жана Ленин райондук администрациясынын өзгөчө көзөмөлүнө алынды.

Мындан тышкары, мэр «Арча-Бешик» конушунун тургундары менен жолугушуп, жер маселелерин талкуулады. Тиешелүү кызматтарга жагдайды ар тараптуу иликтөө, ал эми укук коргоо органдарына мыйзамдын алкагында комплекстүү текшерүү жүргүзүү жана тургундардын мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Ошондой эле бала бакча куруу үчүн каралган жер тилкеси каралып, тургундардын сунуштарын эске алуу менен аймакты пайдалануунун эң ылайыктуу вариантын аныктоо жана долбоордук документтерди даярдоо тапшырмасы берилди. Жыйынтыгында бул жерде бала бакча куруу же балдар аянтчасы бар коомдук эс алуу аймагын түзүү боюнча чечим кабыл алынары белгиленди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X