Зайырбек Эргешов, эксперт: Мораторий –элдин каржылык жүгүн жеңилдетүүгө багытталган социалдык чечим

Президенттин тарифтерди, мамлекеттик жыйымдарды жана айрым милдеттүү төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү чечими коомчулукта кеңири талкууланып жатат. Аталган чечимдин мааниси жана анын жарандардын социалдык абалына тийгизе турган таасири тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А. Алтымышбаев атындагы философия институтунун  улук илимий кызматкери, эксперт Зайырбек Эргешов менен маектештик.

Президенттин тарифтерди, жыйымдарды жана айрым төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү чечими жарандардын социалдык абалына кандай таасир берет?
– Бул чечимди азыркы социалдык-экономикалык кырдаалда кабыл алынган өз убагындагы жана элдин кызыкчылыгын көздөгөн маанилүү кадам деп баалайм. Анткени тарифтердин, мамлекеттик жыйымдардын жана милдеттүү төлөмдөрдүн өсүшү түздөн-түз калктын күнүмдүк чыгымдарына таасир этет. Ал эми чыгымдардын көбөйүшү үй-бүлөлүк бюджетти кыскартып, жарандардын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизет.

Убактылуу мораторий дал ушул тобокелчиликтердин алдын алууга багытталган. Ал өзгөчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, пенсионерлерди жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоонун натыйжалуу механизми болуп саналат. Мындай чечим жарандардын кирешесин сактоого жардам берип, коомдогу социалдык туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

– Азыркы шартта үй-бүлөлүк бюджет үчүн ар бир сом маанилүү. Бул мораторий карапайым жарандарга кандай жеңилдик алып келет?
– Акыркы жылдары тарифтердин өсүшү эл арасында олуттуу талкуу жаратып келген. Ошондуктан мораторийдин эң башкы артыкчылыгы милдеттүү чыгымдардын көбөйүшүнө жол бербегенинде. Эгер коммуналдык кызматтардын тарифтери, мамлекеттик жыйымдар жана башка төлөмдөр мурдагы деңгээлде сакталса, үй-бүлөлөрдүн ай сайынкы чыгымдары да туруктуу болот. Натыйжада жарандар үнөмдөлгөн каражатты азык-түлүккө, балдардын билимине, саламаттыкты сактоого жана башка биринчи кезектеги муктаждыктарга жумшай алышат. Ошондой эле үй-бүлөлүк бюджетти так пландаштырып, насыяга болгон муктаждыкты азайтууга мүмкүнчүлүк жаралат.

– Бул чечим калктын кирешесин сактоого жана финансылык туруктуулугун камсыздоого кандай өбөлгө түзөт?
– Бүгүнкү күндө көпчүлүк жарандардын кирешеси кыска мөөнөттө олуттуу өзгөрбөйт. Ошондуктан тарифтердин же милдеттүү төлөмдөрдүн өсүшү алардын сатып алуу жөндөмүн төмөндөтөт. Мораторий киргизилгенден кийин айлык акынын жана пенсиянын көбүрөөк бөлүгү кошумча төлөмдөргө эмес, негизги керектөөлөргө жумшалат. Бул үй-бүлөлөрдүн финансылык туруктуулугун сактоого, инфляциянын терс таасирин бир аз болсо да жеңилдетүүгө жардам берет. Ошол эле учурда ички керектөөнүн сакталышы чакан жана орто бизнеске да оң таасирин тийгизип, экономикалык активдүүлүктү колдойт.

– Бул чечимдин негизги максаты элге түшчү финансылык жүктү азайтуу деп айтууга болобу? Мындай кадам коомдук ишенимге кандай таасир берет?
– Албетте. Бул чечимдин өзөгүндө жарандардын социалдык абалын колдоо жана аларга кошумча финансылык оорчулук жаратпоого умтулуу жатат. Мамлекет ушундай социалдык багыттагы чечимдерди кабыл алганда эл бийликтин калктын көйгөйлөрүнө кайдыгер эместигин көрөт. Мындай саясат жарандардын мамлекетке болгон ишенимин арттырып, коомдогу социалдык чыңалуунун алдын алууга жардам берет. Натыйжада коомдук туруктуулук чыңдалып, элдин эртеңки күнгө болгон ишеними бекемделет.

– Демек, бул мораторийди кыска мөөнөттүү жеңилдик катары эмес, калктын социалдык кызыкчылыгын коргоого багытталган мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү катары кароого болобу?
– Албетте. Бул чечим жөн гана тарифтерди убактылуу токтотуу эмес, мамлекеттин социалдык жоопкерчилигин көрсөткөн кадам. Азыркы дүйнөлүк экономикалык белгисиздик шартында жарандардын кирешесин жана сатып алуу жөндөмүн сактоо өзгөчө маанилүү. Мындай чаралар калктын жашоо сапатын колдоп гана тим болбостон, экономиканын ички туруктуулугун камсыздоого да кызмат кылат. Ошондуктан бул мораторийди мамлекет менен коомдун ортосундагы ишенимди бекемдеген социалдык саясаттын маанилүү бөлүгү катары баалоого толук негиз бар.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X