Айыл чарба продукциясынын кошулган нарк чынжырын өнүктүрүү маселеси талкууланды

20-июль, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 124

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү жана «Кыргыз Республикасында түшүмдү жыйноодон кийинки башкаруу системасын түзүүнү колдоо аркылуу айыл чарба продукциясынын кошулган нарк чынжырын бекемдөө» долбоорунун аткаруучулары менен жолугушуу өттү.

Ага Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин, ошондой эле «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда долбоордун учурдагы аткарылышы, жетишилген жыйынтыктар, жаралып жаткан маселелер жана тобокелдиктер, аларды чечүү жолдору талкууланды. Ошондой эле долбоордун кийинки этаптары боюнча презентация жасалып, алдыдагы иш-чаралар жана күтүлгөн жыйынтыктар тааныштырылды.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга даяр экенин ырастап, түшүмдү жыйноодон кийинки башкаруу системасын өнүктүрүү жана айыл чарба продукциясынын кошулган нарк чынжырын бекемдөө боюнча биргелешкен иштердин маанисин белгилешти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X