Марлен Маматалиев Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды
Бүгүн, 20-июлда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту.
Жолугушуу дипломаттын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн аяктап жатканына байланыштуу өттү. Төрага элчинин эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, ыраазычылык билдирди.
Тараптар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев кыргыз парламенти Казакстандын жаңы чакырылыштагы парламенти менен кызматташууну улантууга кызыкдар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Рапиль Жошыбаев Кыргызстанда иштеген мезгилде көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын айтып, эки өлкөнүн достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелери мындан ары да өнүгө берерине ишеним билдирди.
Жолугушуунун соңунда Жогорку Кеңештин төрагасы элчиге мындан аркы мамлекеттик жана дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.