Мирбек Монолов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

20-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 142

Мирбек Монолов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Жаңы жетекчини 20-июлда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Айбек Абдымомунов агенттиктин эмгек жамаатына тааныштырды.Возможно, это изображение текст

Мирбек Монолов 2001-жылы Нарын мамлекеттик университетинин Финансы жана кредит факультетин аяктаган. Эмгек жолун жеке сектордо баштап, кийин Кыргызпатент системасында ар кыл жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2020–2023-жылдары Кыргызпатенттин директорунун орун басары болуп иштеген. Ал эми 2025-жылдын март айынан тартып «ДОК Университи Госпиталь» ЖЧКсында каржы директору кызматын аркалап келген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X