Марат Исаков: Биздин максат ишке ашып жатканына кубанам

Мындан 5-10 жыл мурда “Кыргызстан өз күчү менен темир жол кура алат” деген ишеним коомчулукта жок болгонун тана албайбыз. Бийик трибуналарда темир жол маселеси көтөрүлгөнү менен, айтылган сөз ишке ашырылбай келди. Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин темир жолдун Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисине артыкчылык берип, эл аралык деңгээлде маселе көтөрүп, дээрлик отуз жылдан бери талкууланып келген ири долбоордун жүзөгө ашырылышына өбөлгө түзө алды. Учурда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жанданып, үч өлкөнүн биргелешкен ишканасы кызуу иш алып барышууда. Ошону менен бирге өлкөбүздүн ички темир жол саясаты бир нукка түшүп, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын өз күчү менен жалпы узундугу 63,4 чакырымды түзгөн “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун курулушун колго алышып, бир кезде залкар төкмө акыныбыз Ашыралы Айталиев кыялданып, “Жаш элек шайыр, шаттанган, Алыска сапар аттанган… Кылкылдап поезд баратса, Кылгырып көздөн жаш тамган…” деп ырдаган классикалык ыры турмуш жүзүнө ашканы турат. Кезегинде өлкөбүздө түзүлгөн “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече  темир жолун куруу” мамлекеттик дирекциясынын алгачкы директору Марат Исаковду сөзгө тартып, аталган тармактагы саамалыктар тууралуу пикир алыштык.

 – Марат Абдымажимович “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу” мамлекеттик дирекциясы түзүлгөндө “Кыргызстан темир жолду өз күчү менен курат” деген ишеним болду беле? 

– Чынын айтканда, чоң ишеним менен ишти баштаганбыз. Эми ал учурда союз тарагандан кийин өз ара чарбалык алакалар үзүлүп, ишканалар токтоп калбады беле. Союздун курамында турганда Кыргызстандын темир жолу Алматы темир жолу башкармалыгынын Фрунзе филиалы болгон. Бул филиал 1992-жылы Кыргыз темир жолу башкармалыгы болуп уюшулган. Ошо кезде темир жол адистери жок болчу. Дирекция уюшулганы менен мамлекеттен тиешелүү каражат деле бөлүнгөн жок. Каалоо күч болгон жерде, каражатка көңүл бурбай калат экенсиң. Айлык акы албаганыма карабай, командировка жана башка  чыгымдарды өзүмдүн каражатымдын эсебинен төлөп жүрдүм. Акырындык менен ишибизди жөнгө сала баштаганбыз. Биздин эң башкы максатыбыз Балыкчы – Кочкор, андан ары Кара-Кечеге темир жолду жеткирүү болгон. Бүгүн мына ушул мүдөөбүз ишке ашып жатканына сүйүнүп, темир жолдун курулушуна салымымды кошконума сыймыктанып турам. Албетте, Президент Садыр

Жапаровдун чечкиндүүлүгү болбосо бул долбоор мурдагыдай эле сөз бойдон кала берет болчу. Өлкө башчысы тарыхый ишке жол ачып, стратегиялык жактан маанилүү долбоорго старт бергенине терең ыраазычылык билдиремин.Кыргызстан построит железную дорогу из Китая до 2040 года

Аталган темир жолдун курулушуна өзүңүздүн агаңыз Турдакун Усубалиев дагы каршы болгон дешет го…

– Туура башында каршы чыккан. Турдакун Усубалиевич парламенттен жолугуп, “Темир жол курам деп жатыптырсың, чоң миграция болот, андан тышкары көптөгөн эгин айдалган жерлерден ажырап калабыз…”  деп айткан. Бир күнү өзүнө чакырып, “Баягы темир жолуң жөнүндө айтып берчи” деп калды. Баарын түшүндүрүп бердим. Ошондон кийин Жогорку Кеңеште өзү демилге көтөрүп, темир жол долбооруна 60 млн. сом бөлүп берүү боюнча чечим кабыл алууга жакындан жардам берди. “Темир жол долбооруна акча бөлүнөт экен” дегенде, менин ордума кызыккандар чыга баштады. Ошентип, ошо кездеги 1-вице-Премьер-министр Кемелбек Нанаев, транспорт министри Жантөрө Сатыбалдиев экөө мага билгизбей, Президенттин тапшырмасына шылташып, башка кишини дирекциянын башчылыгына дайындап коюшкан. Бирок, мен темир жол куруу боюнча илимий ишимди токтоткон жокмун.

Кыргызстанда темир жол куруу демилгесине кошуна өлкөлөр каршы болгон учурлар болду беле?

– Балыкчы —  Кочкор — Кара-Кече долбоору эл аралык мааниге ээ эмес болчу да. Темир жолдун курулушунун актуалдуулугун арттыруу үчүн  өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктириши керек деген чечимге келгенбиз. Андан ары эл аралык алкакка чыгышыбыз керек эле. Анан иликтей баштадык. Ошол убакта Кытайда Лоб-Нордон Кашкарга чейин 1000 чакырымды түзгөн темир жолду адам күчү менен куруп жатыптыр. Бир сөз менен айтканда Кыргызстандын чек арасына чейин темир жол салына баштаптыр. Биз ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланууну туура көрдүк.

Бирок, кошуналар дагы темир жолун өнүктүрүү боюнча өз жолун издей башташты. Ошол жылдары казак туугандар трансконтиненталдык коридор курабыз дешип, Кытайдан чыккан Дружба өткөрмөсү аркылуу темир жол курууну пландап жатышыптыр. Алма-Атага конференцияга чакырып калышты. Өзүбүздүн көз карашты билдирели деген ойдо, даярданып бардым. Конференцияда тиешелүү адистер өз пикирин айтышты. Мен дагы “Кыргызстандан келдим” деп  сөз алып, темир жол боюнча жасап жаткан улуттук долбоорубуз тууралуу айтып бердим. Ошол учурдагы Казак Өкмөтүнүн 1-вице-премьер министри Нигматжа́н Кабата́евич Исинга́рин  мени жактырбагандай карап калды. Анын көз карашынан “Силерге темир жолдун эмне кереги бар?” деген нерсени туйдум. Ал киши убагында СССРдин жол катнашы министринин орун басары, Алма-Ата темир жолунун начальниги болуп иштеген экен. Кыскасы темир жолдун таржымалын жакшы билген адистердин бири болгон. Андан калса, учурунда биздин темир жол башкармалыгыбыз Алма-Атага баш ийип келген. Ал Кыргызстанга темир жол куруунун эмне зарылчылыгы бар дегендей оюн айтты. Мен өз оюмдан кайткан жокмун. Конференция бүтөр күнү И.Исингарин китебин көтөрүп өзү келип калыптыр. Менден кечирим сурап, “Сенин долбооруңа биринчи күнү анча маани берген эмес экенмин, ар бир мамлекеттин өзүнүн маселеси бар, аны өзүлөрү гана чечиш керек. Иштериңе ийгиликтерди каалаймын…”  деди. Биздин вариантта Кытайдан Парижге чейинки жолдун узактыгы 1000 чакырымга кыскарышы керек эле. Европадагы темир жолдун боюндагы 18 мамлекет биздин сунушубузга кызыкдар болчу. Долбоордун багытын Кыргызстандын картасына атайын чийдирип алдым эле. И.Исингарин мырза ошол картага оюн жазып берген.

Биздин мамлекеттик дирекция Балыкчы – Кочкор — Кара-Кече багыты менен эле чектелип калбай, өлкөнүн бардык аймагын камтыган маршруттарды иликтей баштаганбыз. Экономикалык кызыкчылыктарга артыкчылык берип, өз ара сүйлөшүүлөр жүрүп жатты. Бир күнү өзбек туугандар темир жол маселеси боюнча чакырып калды. Ага Кытайдан, Казакстандан, Россиядан адистер барышты. Алардын негизги максаты деле Кытайга чыгуу болгон. Биз тараптан мен, кыргыз Өкмөтүнүн 1-вице-Премьер-министри Кемелбек Нанаев, транспорт министри Жантөрө Сатыбалдиев, Темир жол башкармалыгынын башчысы Сыдыкбек Аблесов жана башкалар барышкан. Талкуунун жыйынтыгынан кийин макулдашууда, ошондогу  транспорт министри Жантөрө Сатыбалдиев өлкөнүн түштүгү боюнча кеткен темир жолдун Өзбекстан сунуштаган Өзгөн тараптан келген багытын колдогон. Ошондо Кыргызстандын делегациясы каршы болуп, Сыдыкбек Аблесович Жантөрөгө өтө катуу айткан. Өзбек тарап “темир жолду өзүбүз курабыз, анан өзүбүз тейлейбиз” деген маселе коюшкан.  Кыргызстанга келгенден кийин Президент Аскар Акаевге кирип, жагдайды түшүндүрүп, Торугарт — Жалал-Абад багытын атайын токтом менен бекиттирип алганбыз.

“Дирекциянын жетекчилигинен кеткеним менен темир жол боюнча ишти уланттым” дедиңиз…

– Туура айтасың. Темир жолдун курулушуна илимий негизде баа берүү үчүн ондон ашык макала, монография жана Кыргыз темир жолун өнүктүрүү боюнча концепцияны “Казактемиржолдолбоор” институту менен биргеликте жаздым. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген Балыкчы – Кара-Кече – Казарман – Жалал-Абад багытын камтыган темир жолдун жана Казармандан Ак-Сай – Арпа аркылуу Торугарт – Кашкарга чыккан темир жолдун долбоорун иштеп чыкканмын. “Кыргызпатенттен” автордук күбөлүк дагы алып койгонмун. Себеби, “бүткөн иштин ээси көп” демекчи, бул долбоорго автор болгондор көбөйүп  жатпайбы. Бүгүнкү күндө Садыр Жапаровдун чечкиндүүлүгүнүн негизинде ишке ашырылып жаткан Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолу Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолуна кошула турган өлкөбүз үчүн эң маанилүү болгон экономикабыздын кан тамыры десем болот. Бул кылымдын курулушу болот. Өлкөбүздү транспорттук туңгуюктан чыгара турган ири долбоор. Буга чейин кошуна өлкөлөр, Россия тарабынан ачык дагы, көмүскө дагы бут тосуулар болуп келген. Мени кубандырганы Президент Садыр Жапаров кошуна өлкөлөрдүн башчылары менен жакшы алака түзүп,  темир жолду куруу боюнча позициясын ачык билдирип жаткандыгында.  Анан дагы эң башкысы Бишкек – Балыкчы – Кочкор багытындагы темир жолдун курулушунун аякташы мен үчүн эки эсе кубаныч. Анткени, Кочкор менин туулган жерим. Жалпы элибизди мына ушул саамалык менен куттуктап кетмекчимин.

Шекербек Калыков

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X