Бишкекте мыйзам бузган мейманкананын курулушу токтотулду
Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин проспектиси, 391 дарегинде салынып жаткан үч кабаттуу мейманкананын курулушунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы текшерүү учурунда курулуш ченемдери жана милдеттүү талаптар толук сакталбаганын аныктады.
Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «ПГС Элит» ЖЧКсына кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө берилип, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мыйзам бузуулар жоюлганга чейин объекттеги иштер убактылуу токтотулду.