Азербайжандын медиа өкүлдөрү «Кабар» жана Улуттук каналдын иши менен таанышты
Бүгүн, 22-июлда, Азербайжандан келген журналисттер жана блогерлерден турган делегация өлкөнүн алдыңкы мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары болгон Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигине жана Кыргызстандын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына (УТРК) барышты.
Жолугушууларга ЖМКлардын жетекчилери, башкы редакторлору жана журналисттери катышып, медианын бүгүнкү абалы, санариптик платформалардын өнүгүүсү, коомдук пикирди калыптандыруудагы маалымат каражаттарынын ролу жана эки өлкөнүн маалымат мейкиндигиндеги кызматташтыктын келечеги талкууланды.
«Кабар» маалымат агенттигинде делегацияга агенттиктин тарыхы, бүгүнкү ишмердүүлүгү жана жаңылыктарды ыкчам, так жана объективдүү жеткирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди. Коноктор агенттиктин жаңылык даярдоо процессине да кызыгышты.
Ал эми УТРКда башкы директор Улан Сатиев телерадиокорпорациянын ишмердүүлүгүн тааныштырып, телестудияларды кыдыртты. Делегация коомдук-саясий, маданий жана көңүл ачуучу берүүлөрдүн даярдалышы менен жеринен таанышып, заманбап телеберүү өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн көрдү.
Иш сапардын соңунда кыргызстандык өнөрпоздордун катышуусунда концерттик программа тартууланып, конокторго кыргыз маданиятынын үлгүлөрү көрсөтүлдү.
Бул пресс-тур Кыргызстан менен Азербайжандын медиа өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана түз байланыштарды өнүктүрүү максатында уюштурулган.
Акыркы жылдары чет өлкөлүк журналисттер үчүн уюштурулган пресс-турлар жакшы салтка айланып, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, маданиятын жана маалымат тармагын эл аралык деңгээлде таанытууга, ошондой эле өлкөлөрдүн медиа коомчулуктарынын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түзүп келет.