Шолпан Мамытова, балдар психологу: Баланын психологиясы үйдөн башталат

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Медицина 234

Азыркы коомдо балдардын психологиялык саламаттыгы эң актуалдуу маселелердин бири болуп калды. Үй-бүлөдөгү атмосфера, ата-эненин мамилеси, социалдык тармактардын таасири жана тарбия ыкмалары баланын мүнөзүнүн калыптанышына түздөн-түз таасир этет. Балдар психологу Шолпан Мамытова менен маекте ата-энелер көп учурда байкабай кетирген каталары жана аларды оңдоонун жолдору тууралуу сүйлөштүк.

  Бала ата-энесинин жүрүм-турумун кайталайт   

– Ата-эненин катасы баланын мүнөзүнө канчалык таасир этет?
– Бала бул дүйнөнү эң биринчи ата-энеси аркылуу тааныйт. Кандай сүйлөө, адамдарга кандай мамиле кылуу керек, өзүн кантип алып жүрүү керек – баарын үйдөн үйрөнөт. Ошондуктан ата-эненин жашоодогу чечимдери, каталары жана көз карашы баланын мүнөзүнө чоң таасир берет.
Мисалы, айрым ата-энелер: «Бул кесипти өзүм каалаган үчүн эмес, ата-энем айткан үчүн тандагам» же «Акчасы көп болот деп ушул тармакка киргем, кийин бул менин кесибим эмес экенин түшүндүм» деп айтып калышат.

Эгер ата-эне ушундай тажрыйбаларын баласына чынчыл айтып берсе, бул бала үчүн чоң сабак болот. Ал «ката кетирсе болот, эң негизгиси аны түшүнүп, оңдоо керек» деген ойду өздөштүрөт. Ал эми катасын жашырып, өзүн башкача көрсөтүүгө аракет кылса, бала аны баары бир сезет. Ошондуктан биз көбүнчө баланы өзгөрткүбүз келет. Бирок эң биринчи өзүбүздү өзгөртүшүбүз керек.

Үй-бүлөдөгү мамиле – баланын келечектеги жашоосунун күзгүсү   

– Үй-бүлөдөгү уруш-талаш баланын келечектеги мамилесине таасир этеби?
– Албетте. Үй-бүлөдөгү атмосфера баланын келечектеги мамилелеринин пайдубалын түзөт. Бала ата-энесинин бири-бирине болгон мамилесин көрүп чоңоёт жана кийин ошол көрүнүштү кадимки жашоо катары кабыл алат. Эгер ата апасына сый-урмат көрсөтүп, камкор болсо, уул бала дагы аялзатына ошондой мамиле кылууну үйрөнөт. Кыз бала болсо апасы аркылуу өзүн баалоону жана аялдын үйдөгү ордун аңдайт.

 

Тескерисинче, үйдө кыйкырык, кемсинтүү, басынтуу көп болсо, бала үчүн бул кадимки көрүнүшкө айланат. Натыйжада уул бала күч колдонуу аркылуу үстөмдүк кылууну нормалдуу деп кабыл алышы мүмкүн. Кыз бала болсо өзүн сыйлабаган адамды тандап алышы ыктымал. Анткени бала үчүн сүйүү – бала кезде көргөн мамиле.

Социалдык тармактар баланын өзүнө болгон ишенимин төмөндөтүшү мүмкүн   

Гаджеттер менен социалдык тармактар баланын психикасына кандай таасир берип жатат?
– Азыр социалдык тармактар чоңдорго дагы, өспүрүмдөргө дагы күчтүү таасир этүүдө. Интернеттен адамдардын кооз жашоосун, ийгилигин көргөн сайын адам өзүн башкалар менен салыштыра баштайт. Өспүрүм куракта бала «Мен киммин? Менин баалуулугум кандай?» деген суроолорго жооп издейт. Ошол учурда интернеттеги идеалдуу образдар анын өзүнө болгон ишенимин төмөндөтүп коюшу мүмкүн. Бала өзүн жетишсиз сезип, «мен андай эмес экенмин» деген ойго кептелет. Бирок социалдык тармактагы жашоонун көбү чыныгы эмес экенин түшүндүрүү абдан маанилүү.

Жабык балага басым эмес, түшүнүү керек   

Жабык, сүйлөбөгөн баланын ички дүйнөсүн кантип ачса болот?
– Биринчи кезекте баланын темпераментин түшүнүү керек. Айрым балдар табиятынан тынч болушат. Бул – нормалдуу көрүнүш.
Эгер мурда ачык болуп жүрүп, кийин өзгөрүп кетсе, анын себебин изилдөө зарыл. Эң негизгиси – баланы сүйлөөгө мажбурлабоо. «Эмнеге сүйлөбөйсүң?» деп кысым көрсөтүү аны ого бетер жабат. Кээде бала жөн гана угулганды жана түшүнүлгөндү каалайт.

Агрессия – жардам сураган белги   

– Бала агрессивдүү болуп жатса, эмне кылыш керек?
– Көп учурда агрессия – баланын ичинде топтолгон эмоциялардын белгиси.   Айрым ата-энелер баланын каалоосун укпай, өз чечимин таңуулашат. Мисалы, бала спорттун башка түрүн кааласа да, ата-эне аны сөзсүз бокско берет.   «Ыйлаба», «Ачууланба», «Унчукпа» деген сөздөрдү көп уккан бала эмоцияларын ичине жыйнай берет. Ошол топтолгон сезимдер кийин агрессия болуп чыгат. Ошондуктан агрессияны эмес, анын себебин көрүү керек.

Ата-эне менен мугалим бир команда болушу керек    

– Мугалим менен ата-эне баланын психологиялык абалын кантип бирге көзөмөлдөшү керек?
– Бала эң биринчи «ата-энем мени түшүнөт жана коргойт» деген ишенимде болушу керек.  Мугалим дагы ар бир баланын мүнөзү ар башка экенин эске алып иш алып барса, жакшы жыйынтык болот.  Эң башкысы – ата-эне менен мугалим дайыма байланышта болуп, баланын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөрдү бирге байкап турушу керек.

Ашыкча талап баланын мүмкүнчүлүгүн эмес, психикасын чарчатат   

Жогорку талап баланы күчтүү кылабы же сындырабы?
– Менин оюмча, ашыкча талап көп учурда баланы сындырат.  Кээ бир балдар дайыма эң мыкты болууга аракет кылып, өзүнө өтө чоң жоопкерчилик жүктөп алышат. Акыры чарчап, өзүнүн чыныгы каалоолорун жоготуп коюшат. Балага талап коюу керек. Бирок андан да маанилүүсү аны колдоо.

Мээрим – эң күчтүү тарбия куралы    

Жазалабаса, урбаса тарбия болбойт деген түшүнүк тууралуу эмне дейсиз?
– Бул өтө кооптуу түшүнүк. Баланы урганда ал өзүн жаман адам катары кабыл ала баштайт. Андан да жаманы – кийин зордук-зомбулукту кадимки көрүнүш катары көрүп калат. Уруш-талаш көп болгон үйдө чоңойгон кыз орой мамилени сүйүү катары кабыл алышы мүмкүн. Эркек бала болсо күч колдонуу менен маселе чечүүнү үйрөнөт. Ошондуктан баланы коркутуп эмес, түшүндүрүп тарбиялоо керек. Баланын эң чоң муктаждыгы – мээрим, коопсуздук жана түшүнүү. Ошол үч нерсе бар жерде дени сак инсан өсөт.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X