Wildberries кампасындагы кырсык. Кыргызстандын өкүлчүлүгү Россия органдары менен иш алып барууда
Россиянын Москва облусундагы Электросталь шаарында жайгашкан Wildberries кампасында 18-июлда болгон кырсык боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдары кырдаалды көзөмөлгө алды.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги менен биргеликте окуя боюнча маалыматтарды тактап, тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Учурда өкүлчүлүк Россия Федерациясынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен тыгыз байланышта иштеп, кырсыктын кесепеттерин аныктоо, мүмкүн болгон жабыркагандар тууралуу маалыматтарды тактоо жана зарыл болгон учурда кыргызстандык жарандарга жардам көрсөтүү боюнча аракеттерди көрүүдө.
Окуя боюнча кошумча маалыматтар расмий булактар аркылуу берилери күтүлүүдө.