Жээнбек Кулубаев Индиянын министри менен соода жана инвестиция маселелерин талкуулады

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 252

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индиянын Тышкы иштер, айлана-чөйрө, токой чарбасы жана климаттын өзгөрүшү боюнча мамлекеттик министри Кирти Вардхан Сингх менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестицияларды тартуу, өндүрүш тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана туристтик байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Өзгөчө банктар аралык кызматташтыкты күчөтүүгө басым жасалды.Возможно, это изображение один или несколько человек, Овальный кабинет и помост

Ошондой эле тараптар Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн келечегин карап чыгып, жакынкы мезгилде жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде өтө турган жолугушуулардын графиги боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин ырасташты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X