Жалал-Абадда жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоочу жаңы борбор курулууда

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 106

Жалал-Абад облусунда жети кабаттуу жаңы медициналык борбордун курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күндө имараттын курулушунун 50 пайыздан ашыгы бүткөрүлүп, объектте 150дөн ашык жумушчу эмгектенүүдө.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 1 млрд сом каражаттын эсебинен ишке ашырылууда. Борбор заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоо жана дарылоо үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Жаңы медициналык жайдын пайдаланууга берилиши аймактагы тургундарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатып, заманбап диагностика жана дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X