ШКУ саммитине келген делегаттарды Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 91 миллион сомго камсыздандырды
Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышуу үчүн келген чет өлкөлүк делегаттар Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (МКУ) тарабынан камсыздандырылды.
Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында уюштурулган ЖМК жана аналитикалык борборлордун саммитине мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, маалымат агенттиктери, жалпыга маалымдоо каражаттары, аналитикалык борборлор жана илимий мекемелердин өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын камсыздандыруу боюнча расмий өнөктөшү болгон МКУ 180ден ашуун чет өлкөлүк делегатка камсыздандыруу полистерин берди. Камсыздандыруунун жалпы суммасы 91 миллион сомду түздү.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, эл аралык деңгээлдеги мындай иш-чарага камсыздандыруу боюнча өнөктөш катары катышуу өлкөдөгү камсыздандыруу тармагынын өнүгүп жатканын жана уюмдун ишенимдүү өнөктөш катары ролун көрсөтөт.