Мунай тармагындагы коррупция. Мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгү кайтарылды

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 131

Кыргызстанда мунай тармагындагы коррупциялык схема боюнча тергөө уланууда. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгү өндүрүлдү.

ИИМдин Тергөө кызматы «коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин иликтеп жатат.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, «Кыргызнефтегаз» ААК жана «Кыргызгаз Петролеум Компани» ЖАКтын кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууга байланышкан коррупциялык схема уюштурган. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.

Ишти тергөө учурунда айыпталуучу Т.Ш.К. келтирилген зыяндын басымдуу бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берген. Ушуга байланыштуу соттун чечими менен ага карата колдонулган бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.

Учурда ИИМ кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, башка тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин кароо жана мамлекетке келтирилген чыгымды толук өндүрүү боюнча тергөө иштерин улантууда.

Тергөө аяктагандан кийин кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X