Бишкекте абаны булгагандарга 22 миң 500 сом айып пул салынды

29-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 138

Бишкек шаарында атмосфералык абаны коргоо жана анын булганышын алдын алуу боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, экологиялык талаптарды одоно бузган жарандар жоопкерчиликке тартылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, 28-июлда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте рейддик иш-чара уюштурушкан.Возможно, это изображение текст

Текшерүүнүн жыйынтыгында «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин талаптарын бузган жарандарга карата 3 протокол түзүлүп, жалпы 22 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Министрликтен билдиришкендей, рейддин негизги максаты — жарандардын экологиялык мыйзамдарды сактоо боюнча жоопкерчилигин күчөтүү, абанын булганышын алдын алуу жана айлана-чөйрөгө зыян келтирген аракеттерге бөгөт коюу. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга мыйзам талаптары түшүндүрүлүп, укук бузууларга жол бербөө боюнча эскертүү иштери жүргүзүлдү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X