Аскат Алагозов: «Тамчы» аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жол убактылуу жабылат

30-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129

Кыргызстандын Президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагозов бүгүнтөн тартып 1-августка чейин «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки унаа жолу маал-маалы менен убактылуу жабыларын билдирди.

Анын айтымында, бул күндөрү Кыргызстанга Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев мамлекеттик сапар менен келет.

Мындан тышкары, ушул эле мезгилде Борбордук Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан Республикасынын Президентинин бейформал консультативдик жолугушуусу өтөт.

Ушуга байланыштуу коопсуздук чараларын камсыздоо максатында аталган багыттагы жолдо убактылуу чектөөлөр киргизилет.Возможно, это изображение дорога и текст

Аскат Алагозов жарандарды жана өлкө конокторун жол кыймылын алдын ала пландап, киргизилген убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

«Өлкөбүздүн эл аралык кызматташтыгын чыңдоого багытталган бул маанилүү иш-чараларга байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенебиз», — деди Президенттин басма сөз катчысы.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X