Баткен районунун жетекчилигине жаңы орун басар дайындалды
Сүйүнбай Сатыбалдиев Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева тааныштырып, ишине ийгилик каалады.
Сүйүнбай Сатыбалдиев буга чейин Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси кызматын аркалап келген.