Шавкат Мирзиёев: Кыргызстан менен Өзбекстандын союздаштык мамилеси — тарыхый жетишкендик

30-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 163

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда союздаштык мамилелердин түзүлүшүн эки өлкөнүн тарыхындагы маанилүү күн деп атады.

Ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен бир нече жылдык тынымсыз аракеттердин натыйжасында эки мамлекеттин ортосундагы негизги маселелер толук чечилгенин белгиледи.

“Садыр Нургожоевич президенттик кызматка келген биринчи күндөн тарта мен Кыргызстанга элин сүйгөн, элинин келечегин ойлогон жетекчи келгенин түшүндүм. Акыркы жылдары бардык маселелерди достук, өз ара урматтоо жана түшүнүшүү негизинде чечүүгө аракет кылдык”, — деди Мирзиёев.

Өзбек лидери эки өлкөнүн мамилесин жаңы деңгээлге чыгарууда президенттердин саясий эрки чечүүчү роль ойногонун баса белгиледи. Анын айтымында, бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүктөн союздаштык деңгээлге чыкты.

“Бүгүн — биздин мамилелердин тарыхындагы өзгөчө күн. Биз дипломатиянын эң жогорку деңгээлине жетип, союздаштык мамилелерди түздүк. Бул көп жылдык татаал жана жоопкерчиликтүү иштердин жыйынтыгы”, — деди Өзбекстандын президенти.

Мирзиёев Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө жана өнүгүү багытындагы иштерге жогору баа берип, жетишкендиктер саясий эрктин жана натыйжалуу башкаруунун жыйынтыгы экенин белгиледи.

Ошондой эле ал өзүнө ыйгарылган Кыргызстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — “Манас” ордени өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

“Мен көптөгөн өлкөлөрдүн мамлекеттик сыйлыктарын алдым. Бирок бул орден мен үчүн өзгөчө баалуу. Анткени аны эки элдин достугуна жана бир туугандык мамилесине берилген жогорку баа катары кабыл алам”, — деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирип, Өзбекстан мындан ары да Кыргызстандын өнүгүүсүн жана реформаларын колдоого даяр экенин билдирди.

30-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 163
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X